www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ: Карантинден улам үй-бүлөдөгү зомбулук күчөдү

Коронавирустун жайылышына каршы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө киргизилген карантин шартында үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин «Твиттерге» жарыяланган видеокайрылуусунда айтылат.

«Акыркы жумаларда экономикалык жана социалдык басымдын күчөшү менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Изоляция зарылдыгынан улам айрым аялдар катаал мамиле кыла турган өнөктөштөрү менен бетме-бет калышты. Айрым өлкөлөрдө колдоо кызматтарына кайрылган аялдардын саны эки эсеге өстү», — деди Гутерриш.

Айрым маалыматтар боюнча ушу тапта дүйнө боюнча калктын үчтөн бири же 2,6 миллиард киши карантин шартында жашап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости