www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 2 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 6-апрелде саат 11:00дө Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.

"Тез жардам" кызматынын унаасы менен Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар капталы менен сүзүшүп кетти. Кырсыктын кесепетинен 2 медицина кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилди. Айдоочулардын абалы жакшы", - деп билдирет мекеменин маалымат катчысы.

Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости