www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕККУнун Адам укуктары жана демократия институттары боюнча бюросунун миссиясы үч айдан кийин Тажикстандагы парламенттик шайлоо тууралуу баяндамасын жарыялады. Шайлоо 1-мартта өткөн. Бул тууралуу Бобордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

ЕККУнун билдиришинче, байкоочуларТажикстандын тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен жөнөтүлгөн.

«Парламенттик шайлоо катуу көзөмөл алдында болду, эркиндик жана саясий укуктун башкы эрежелери бузулду. Саясий талкууга орун берилген жок, оппозиция саясий ландшафтан четтетилди» деп айтылат баяндамада. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, тажик шайлоочуларына тандоо мүмкүнчүлүгү берилген жок.

Тажикстанда 1-мартта өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңишке жеткен. Өлкөдөгү 4 миллиондой шайлоочунун 50,4% президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы үчүн добуш берген.

Агрардык партия 63 орундуу парламентте төрт депутаттык мандатын сактап калган. Ага шайлоочулардын 16,5% добуш берген. Ушундай эле көрсөткүчкө «Экономикалык реформалар» партиясы ээ болгон. Бул шайлоодо жалгыз оппозициялык партия деп мүнөздөлгөн Социал-демократиялык партия парламентке өткөн эмес.

Тажикстандын Демократиялык партиясы жана Социалистик партия 5% көрсөткүч менен парламенттеги буга чейинки бирден мандаттарын сактап калышкан.

Эл аралык байкоочулар Тажикстандагы бир да шайлоону ачык-айкын, эркин же стандарттарга ылайык деп тааныган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости