www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ Акаев доорунан бери мамлекеттик кызматтагы эне тилинде «эжелей албаган» чиновниктердин журүшү эл арасында кыйла сөз болгону менен андайлардан арыла албай койгонубуз жалганбы? Эми алардын ким экендиктерин кайра баштан түшүп, айтканда не?

Андан көрө биз азыркыларын кеп кылалы. Маселен, адилет министрибиз Марат Жамангулов деген эргулду тааныйсыздар да. Аты-жөнү кыргыз болгону менен кыргызча оюн жеткире албаган кургур экен. Анан кантип ушулар кыргыздын мыйзамдарын талдайт десеңер? Кыргыз тилин тыңгылыктуу билбесе, мыйзамдарды иликтеп туура же туура эмес экенин кантип аныктайт? Же министрлик креслого отурганына кубанып күн өткөрүп жүрө бериш керекпи? Эстүү жетекчи болсо эртели-кеч эми деле эне тилин үйрөнүп алганга эмне тоскоол болсун? Биз го азырынча сунуш бердик, мындан аркысын эми этекке чаптырбастыр.

Булак: Де-Факто

Последние новости