www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда талкаганган турак жайлардын саны 364кө жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Жолдошбаевдин айтымында, анын арасында үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп, административдик мекемелер жана автоунаалар дагы бар.

“Келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлүп, алар айыл өкмөттөр боюнча 9 топко бөлүнүп иш алып барышууда. Комиссиянын курамына тергөө тобунан, ӨКМден, курулуш тармагынан дагы тиешелүү адистер кирди. Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат. Комиссия текшерүүнүн жүрүшүндө канча үй канчалык деңгээлде жабыркаган, калыбына келтирүүгө болот же болбойт деген жыйынтык чыгарат”, - деди ал.

Ал белгилегендей, талкаланган үйлөрдөгү курулуш калдыктарын тазалоо иштери дагы ӨКМге жүктөлгөн.

“Бул боюнча атайын инженердик-техникалар тартылып, такталган аймактарда жакынкы аралыкта тазалоо иштери башталат”, - деп ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости