www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу учурунда жоголгон же жабыркаган 450 жарандын документтери бекер калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Анын айтымында, документтер Баткен облусунун жашоочуларынын расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин калыбына келтирилген. Ыкчам топтор документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча консультация беришти.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости