www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанга афганистандык 1000 адам качып кирди

Афганистандын Бадахшан аймагынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна качып кирген 1 миңден ашык адам коопсуз аймакка жайгаштырылды. Бул маалыматты облустун катчылыгы журналисттерге билдирген.

Качкындардын көпчүлүгү карыялар, аял кишилер жана жаш балдар.

Качкындар чек араны качан кесип өткөнү тууралуу так маалыматтар айтылган эмес. Бирок 4-5-июлда болгону болжолдонуп жатат. Бул күндөрү талибдер Афганистандын 6 районун басып алган болчу.

Афганистандын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалыматы боюнча, Тажикстандын аймагына качып кирген афган аскерлеринин саны көп. Алардын ичинен 2300 аскер өлкөсүнө кайтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости