www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун учурдагы абалы буга чейин жетишилген ийгиликтерге карабастан, өтө кооптуу. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

"Пандемияны көзөмөлдөө жаатында көптөгөн аракеттерди кылганыбыз менен, абал өтө кооптуу баскычта турат", - деди ал.

Анын айтымында, мындай кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу - "жеке коргонуу каражаттарын, анализдерди, медициналык буюмдарды жана вакциналарды адилеттүү бөлүштүрүүдө" бардык өлкөлөргө колдоо көрсөтүү.

Гебрейесус вакциналардын дүйнө жүзү боюнча адилетсиз бөлүштүрүлүп жаткандыгын эске салды. Анын айтымында, жетиштүү ресурстарга ээ өлкөлөр чектөөлөрдү алып салышы мүмкүн, ал эми башка мамлекеттер көтөрө алышпайт.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча коронавируска дээрлик 185 миллион адам чалдыккан, төрт миллиондон ашуун адам көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) шашылыш программасынын директору Майкл Райан акыркы эки жумада дүйнөдө коронавирус оорусу "өтө жогорку деңгээлде" турукташканын айтты.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости