www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-июлда Жалал-Абадда маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

2021-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад шаарында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университитети маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция уюштурууда.

Конференция алкагында Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат.

Ал эми 17-июль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин ачылыш салтанаты өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости