www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдарынын жана Жарлыктарынын талаптарын одоно бузушуп, ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү актысына каттабастан текшерүү жүргүзүшкөн делген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге ылайык жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планы УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ишкердик субъектинин ишине эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы үчүн "М.К." ЖЧКна текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, "М.К." ЖЧК тиешелүү документтери жок коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттарды ишкердике пайдаланганы аныкталды. УКМК жана ИИБ кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда, М.К. ЖЧКнын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, атайын чатакты козгоп, мыйзам бузууну жашыруу максатында мигранттардын качып кетишине түрткү болгон. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген.

Маалымат үчүн: Аталган Өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын ИИМ, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кабарлаган.

Последние новости