www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Орхан Инандынын кармалышы боюнча деп президентке импичмент жарыялаштын кереги жок», - деди бүгүн, 7-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Президентке импичмент жарыялаштын кажети жок. Анткени, президентти бүт кыргыз эли шайлаган. Бул жерде кыргыз элине, жерине чыккынчылык жасалган жок. Ошондой эле кыргыз элине зыян да келген жок. Ошон үчүн Орхан Инандыны түрктүн атайын кызматы кармап кетиптир деп президентке импичмент жарыялаштын зарылчылыгы жок. Ал эми Ташиев отставкага кетсин дегенден мурун УКМКнын башчысы катары канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин карап көрүш керек.

 Биз президентке импичмент жарыялайбыз, Ташиевди отставкага кетиребиз дегенден мурун Орхан Инанды биздин жарандыкты кандайча алган, ким берген, ага Кыргызстандын атуулдугу туура берилгенби, ошону карашыбыбыз керек.

Анткени, Орхан Инанды Кыргызстандын эле эмес, Түркиянын да жараны болуп жатпайбы. Ошон үчүн бул маселени ырбатуудан мурун терең анализ кылганыбыз оң.

Туура Орхан Инанды кыргыз балдарынын билимдүү болушуна чоң салым кошту. Бирок, мыйзамды одоно бузса жооп бериш керек. Тагыраагы, ал биздин жаран болобу же башка мамлекеттин жараныбы, бардык жагдайды изилдеп туруп, тыянак чыгарышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости