www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызалтын» ААКнын коррупциялык кадамдарынын «изи» Кыргызстандын кыйырынан чыгып, эл аралык масштабдагы алдамчылардын торуна түшкөн фактылары аныкталууда. Аны кыргыз бийлиги адаттагы көрүнүштөй кабыл алып жүрүшөт.

Детективдүү чыгармага мисал болчу бир фактыга көңүлүңүздөрдү бурайын.

2002-жылы Кумтөрдөгү «Борбордук» карьердин түндүк жагында авария болуп, трагедиялуу окуя катталган. Чыгымды жабуу максатында «Камеко» компаниясы Кыргыз Өкмөтүнө 11 миллион доллар которгон. Ал акчалар «Кыргызалтын» АКсынын эсебине келип түшкөн. 2004-жылдын 24-июнда акча түшсө, ошол каражатты Өкмөт башчы Н. Танаевдин буйругу менен 28-июнунда, тагыраак айтканда инвойсу (счету) жок эле бир ишканага которуп жиберген. Ал ишкана акчаны алгандан үч күндөн кийин жоюлуп кетиптир. Кана ошол акчалар? деп сураган эч ким болбоду.

Акчаны которуу жөнүндөгү документте «Кыргызалтындын» андагы президенти, маркум Камчыбек Кудайбергеновдун колу коюлуп турат. 11 миллион долларды чет өлкөлүк фирмага которгондугу боюнча, Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөндө атайын иликтөө жүргүзгөм. Ошол учурдагы парламенттеги коллегам Камчыбек Кудайбергеновдун уулу Жаныш Кудайбергенов менен бир нече жолу ушул маселени талкуулап, коюлган кол Кудайбергеновдуку эмес экенин аныктагам. Ага күбө болгон адистер да өз пикирин билдиришкен. Иш жүзүндө Кудайбергенов ошол учурда инсульт болуп ооруканада жаткан. Демек, анын жоктугунан пайдаланып, акчаны белгисиз жактарга которушканы билинип калды.

11 миллион доллардын которулуп кетишинин өзү бир топ шектүү фактыларды каңкуулайт. «Кыргызалтындын» ошол учурдагы президенти Камчыбек Кудайбергеновдун да Канадалык компанияга жазган каттары бар экен.

2002-жылдары «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнгө чейин Кыргыз Өкмөтү «Камеко» компаниясынан 4 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд түрүндө алдын ала аванс алыптыр. Бул каражатты бюджеттин чыгымына жумшалган деп айтып жүрүшөт. Ушул маселе боюнча Курманбек Бакиев бийликке келгенде, ошондогу финансы министри Тажикан Калимбетовага кайрылып, 4 миллион доллар кандай шартта алынган, кайда жумшалды деп сурап, эч кандай жооп ала албай калгам.

Акыры иликтөө жүргүзүп бөлүнгөн каражаттын учугун таптым десем болот. Дивиденд катары берилген каражат деп жүрөт, көрсө кийин ал карыз акча болуп чыкты. «Кумтөр» долбоору боюнча реструктуризациялоо чечими өз убагында кабыл алынбагандыктан, «Камеко» компаниясы кыргыз Өкмөтүнө берген аванстык төлөмдөрүн доолап, керек болсо айып сала тургандыгын билдирип, 2003-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Николай Танаевге, финансы министри Болот Абилдаевге кат жолдойт. Кокологон «Камекодон» кутулуу үчүнбү, айтор, алган карыз «Кумтөр голд компани» биргелешкен ишканасынан түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен берилсин деп, Өкмөт башчысы Н. Танаев «Кыргызалтынга» буйрук берет.

Ал карызды «Камеко» компаниясы доолабай, Британиянын Вирджиния аралдарында катталган «Эккерд» компаниясы ортого түшүп, сурай баштаганы кызык. Ал эми Кипрде жашаган бул компаниянын өкүлү Грант Хестер (Grant Hester) 2003-жылдын 27-майында «Кыргызалтындын» президенти Камчыбек Кудайбергеновго кат менен кайрылып, «4 миллион доллар карызыңардын эсебинен «Кумтөр голд компани» биргелешкен компаниясындагы 15% үлүшүңөрдү бизге берсеңер, биз карызыңардан кутултабыз» деген пикирин билдирет.

Бирок, К. Кудайбергенов мырза, өзүнүн жообунда (29. 05. 2003-ж.) 15% акциянын үлүшүн берип бюджеттик карыздан кутулуу сунушу менен макул эместигин айткан. «Андай болсо, дивиденд катары «Кыргызалтынга» төлөнгөн каражаттын эсебинен карызды алалы. Ошондой эле карызды толук төлөп бүткөнчө, директорлор Кеңешинин жыйындарына катышып турууга уруксат алып бергиле», – дейт «Эккерд» компаниясынын өкүлү Грант Хестер.

«Кумтөр» долбоорунан түшкөн дивидендтер Өкмөттүн токтомуна ылайык, бюджетке которуларын, ал эми директорлор Кеңешинде «Кыргызалтындын» бир гана орду бар экенин билдирет К. Кудайбергенов мырза. «Анда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен төлөп бергиле», – дейт «Эккерд» компаниясынын өкүлү. Айтор, бул компания карызды төлөтүүдө бура бастырбастан өзүнүн бир топ сунуштарын айтат.

Ошентип 2003-жылдын 5-июлунда карызды которуу жөнүндөгү келишимге «Кыргызалтын» АКсынын атынан Камчыбек Кудайбергенов, «Эккерд» компаниясынын атынан Грант Хестер (Grant Hester) кол коюшат. Бирок, бул бир жактуу келишим болгон. Кудайбергеновдун колу жасалма экенин жогоруда айтып өттүм.

Келишимдин дагы бир шектүү жери, 2002-жылдын 8-июлундагы Кумтөр кениндеги көчкүгө байланыштуу «Кыргызалтынга» «Кумтөр голд компани» биргелешкен ишканасынан бериле турган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнө «Эккерд» компаниясы ээ болуп калат. Тагыраагы, алардын пайдасына чечилет. Келишимдин 1 пунктунда: «При этом «Кыргызалтын», соглашается не предъявлять каких-либо требований и претензий в адрес Eckerd Ltd, в случае если сумма страховых выплат, право на получение которых передано Кыргызалтыном Eckerd Ltd в соответствии с настоящим Договором, будет больше суммы, принятой на себя Eckerd Ltd согласно пункту 3 настоящего Договора задолженности» деп жазылып турат.

«Иттин өлүгү» мына ушул жерде жатат, окурман. Эмне үчүн камсыздандыруучу суммалар көбөйүп кетсе, «Кыргызалтын» талап койбошу керек? Ошол эле келишимде камсыздандыруу суммасы азайып кетсе «Эккерд» компаниясы доомат койбойт» деп жазып коюшкан. Бул жерде камсыздандыруучу сумманын азайып-көбөйүп турушу «Кыргызалтынга» караганда, канадалык тарап үчүн өтө жакшы белгилүү болчу да. Ошондуктан, өз пайдасына ыктаган келишимди түзүшкөн. Бир сөз менен айтканда, кыргыздын коррупционерлери менен бирге, өзүлөрү менен өзүлөрү келишим түзүп алышкан.

Ушул жерде баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, карызды которуу жөнүндөгү келишимге кол койгондон кийин, 100% мамлекеттик ишкана катары «Кыргызалтын» АКсынын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында келишимдин долбоору каралган. Жыйынга ошол учурдагы мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары А. М. Макаров төрагалык кылган. Айтор, «Эккерд» компаниясына карызды которуу келишимин жакташат.

Бирок, бул маселе «Камеко» компаниясына белгисиз болгон. «Камеко» карызды төлөгүлө, болбосо, ишкананы реструктуризация маселесин тездеткиле деген талапты коюшат. Акыры 7–16-декабрда Торонто шаарында эки тараптын эксперттик тобу бир пикирге келишкенин айтышат. Ошентип, Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо макулдашуусуна ылайык, Кыргыз Республикасы 4 миллион долларды кайтарып берүү милдетинен бошотулат. Демек, «Эккерд» компаниясы менен түзүлгөн карызды которуу келишимин аткаруунун кажети болгон эмес.

Кийин «Кыргызалтын» канадалыктардан 11 миллион доллар котортуп алат. Бирок, акча түшкөн күндөн төрт күндөн кийин Латвиянын Рига шаарындагы Айзкрауклес Банктагы «Эккерд» компаниясынын эсебине которулуп кетет. Ошону менен мен жогоруда айткандай, ал акчанын дайыны билинбей кала берет.

«Эккерд» компаниясы «Камеко» компаниясы тарабынан берилген 4 миллион долларды алуу жөнүндө «Кыргызалтын» АКсы менен келишим түзбөдү беле? Анан кандайча аларга 4 миллион эмес, 11 миллион доллар которулуп кеткен? Кандай кызмат көрсөткөндүгү үчүн акчаны котортуп кетти? деген собол, түшүнүксүз бойдон калды.

Мына ушул 4 миллион, 11 миллион доллар акча каражаты чет өлкөдөгү шек жараткан фирмаларга которулуп кеткендиги тууралуу «Азаттык» радиосунун журналистинин берген суроосуна Лен Хоменюк, акча каражаттары кыргыз Өкмөтү берген эсептерге гана которулганын, а балким, Өкмөт толук көзөмөл кылбаган жактарга акча которулуп кеткенинен кооптоноорун жашырбай, төмөндөгүдөй жооп берген.

«Азаттык»: Иностранные аудиторские компании, нанятые Кыргызстаном, изучили все документы «Кумтора» и выявили подозрительные денежные переводы на сумму 4 миллиона долларов в 2003 году, и на 11 миллионов сомов – в 2004-м. Вы можете сказать, что эти деньги не ушли в чьи-то карманы, а были потрачены в интересах компании или Кыргызстана?

Хоменюк: Любой желающий может на сайте «Центерры» ознакомиться с финансовыми и другими документами. За 16 лет, которые я проработал в компании, мы сотни, а то и больше, раз перечисляли правительству Кыргызстана деньги. Не на счета физических лиц, а на счета правительства. На счета, предоставленные правительством. Я не могу отвечать на вопрос о том, что стало с этими деньгами. Иногда у меня возникали опасения по поводу того, что деньги могли уходить на счета, которые может быть не были полностью под контролем правительства.

Финансовые операции с нашей стороны, денежные переводы контролировались не только «Кумтором», но и, как я уже говорил, международными банками и другими финансовыми институтами. Но не я тот человек, который должен разбираться в том, на что эти деньги были потрачены...» (Булак: «Азаттык радиосу. 2015-жыл, 21-октябрь).

Лен Хоменюктун жообуна ынансак, канадалык компания кыргыз Өкмөтүнүн гана тапшырмасын так аткарып жүргөндөй пикир жаратат. Канткен менен миллиондогон доллар акчалар «Кыргыз-алтын» аркылуу «адалданып» жатканы боюнча көзгө сайган далилдүү фактылар бар экендигине карабастан Президент, Өкмөт башчылары мыйзамдын чегинде чара көрө алышпады.

Менин иликтөөм боюнча анализ жүргүзүп көрсөк, «Кыргыз алтын» менен акча которуу тууралуу келишимге кол койгон «Эккерд» компаниясы, анын жетекчиси Грант Хестердин атына байланышкан коррупциялык иштер эл аралык деңээлдеги алдамчылардын уюгуна алып барат экен. «Эккерд» компаниясы, Грант Хестер дегендер бул ааламда бар экени дагы күмөн жаратат. Ушундан улам, кыргыз бийлиги эл аралык масштабдагы алдамчылар менен кешиктеш болгонуна ынанып калдым. Неге дебейсизби?.. Жооп берүүгө аракет кылайын. 2012-жылдын жайында Кыргызстандын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын элинин пайдасына Кумтөр долбоорунан кирешени көбөйтүү жана мыйзам бузуулар үчүн кыргыз Өкмөтүнө компенсация төлөтүүгө» израилдин эки фирмасына – «Мушкат» (Muszkat Consultants) консалтинг компаниясына жана «Барлев» (Barlev Investigative Auditing) аудитордук компаниясына тапшырма бериптир. Мына ушул эки компаниянын укуктук анализдеринин жыйынтыктары деле мен жогоруда сөз кылган фактыларды кайталаганына таң калдым.

Компаниялардын иликтөөсүнүн жыйынтыктоочу отчетунда, «Экерд Лимитед» (Eckerd Ltd.) компаниясы, Джесси Грант Хестердин «Кыргызалтын» менен байланышы, 2003-июнь айында Лондондун «Атенеум» мейманкасында ошондогу «Кыргызалтындын» президенти Камчыбек Кудайбергенов менен жолугушуусу жөнүндө сөз болот. Мен бул иликтөөлөрдү мурда эле кыргыз бийлигине жеткирүүгө канча аракет кылганмын. Алар маани беришпей коюшкан. Аталган компанияларды Өкмөт атайын жалдап иштеткени менен, Израилдик эки компаниянын иликтөөсү дагы кароосуз калды. Эмне үчүн?

Себеби, менин пикиримде, акчаны алгандан кийин аталган ишканалар заматта жоюлуп кеткенине караганда, Акаев баш болгон бийликтегилер эл аралык деңгээлдеги алдамчылардын сабына кошулуп калганын айгинелейт. Ошондуктан, иликтөөнүн фактылары көз жаздымда калып жатпайбы. Муну Британиялык «openDemocracy» веб-сайтына жарыялаган макала (Булак: «openDemocracy» веб-сайты, автор Франко Гальдини) дагы тастыктайт.

Эл аралык деңгээлдеги алдамчыларды, шпиондорду коргоп келген оффшордук зоналарда «козу карындай» жайнаган жалган корпоративдик жетекчилер дүйнөдөгү бардык өлкөлөрүнүн тынчын алып келет экен. "Журналисттик иликтөөнүн эл аралык консорциуму" (ICIJ) уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү 170 өлкөнүн 130 миң адамы оффшордук өлкөлөрдө салыктан качып, же болбосо кылмышка шектүү болуп жүрүшөт дешет. Оффшордук зонада жашаган азыраак билими бар адам 90 долларга эле керектүү жерге колун коюп, ишкананын директору болуп чыга келет деген маалыматтар бекеринен айтылбайт. Алар эч нерсеге жооп бербейт. «Эккерд Лимитед» (Eckerd Ltd.) компаниясы, Джесси Грант Хестер дегендер ошол жалган «директорлор» экенин жогорудагы фактылар далилдеп турат. ICIJнын анализине ылайык, Хестер Британиянын Виргин аралындагы, Великобритания, Ирландия, Жаңы Зеландиядагы жалпы жонунан 1500 ар кандай компаниялардын директору экенин маалымдайт.

Кыргыз Өкмөтү жалдаган «Мушкат» фирмасынын отчетунда, «договоренность по 4 млн. долл. США, как это написано в соглашении [Eckerd – ред.] фальсификация», а страховой платеж является «прикрытием взяточничества». Фирма «Эккерд» описана как «оффшорной компанией, чьи реальные владельцы предположительно были связаны с бывшим президентом Акаевым», деген тыянакка келишкен.

Ал эми «Барлев» фирмасы «4 млн. долл. США были частью коррупционной схемы по получению платежа от Камеко за деятельность, не связанную с проектами Кумтор», деп корутунду чыгарган.

«Мушкат» фирмасы, «суммы в 4 млн. долл. США и 11 млн. долл. США были «оформлены» так, чтобы обосновать платежи компании «Эккерд» – оффшорной компании, чьи реальные владельцы предположительно были связаны с бывшим президентом Акаевым. Эти суммы денег были в действительности взятками и отмыванием денег» деп шектенип, Канаданын компетенттүү органдарына, аныгы түз эле баалуу кагаздар боюнча Онтарио комиссиясына арыздануу керектигин билдирген экен.

Мына коррупциянын башаты кайда жатат, окурман?

Акаевдин бийлиги ушундай табышмактуу адамдар менен кызматташыптыр. Атамбаевдин бийлиги дагы бул ишти аягына чыгара алган жок. Өзүлөрү жалдаган фирмалардын тыянагына анализ жүргүзүп, чечим чыгарышы керек эле да. Тескерсинче, А. Атамбаев Президент болуп турганда «Центерра» менен кызматташууда өлкө үчүн ыңгайсыз сунуштарга макул болуп, кылымдар бою былк этпей жаткан мөңгүлөрдү жок кылууга шарт түзүп берди. Бул өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кийинки бөлүктө ушул маселеге кеңири кайрылабыз.

Ушул иштер боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, тиешелүү адамдарды жоопко тартуу керектигин билдиргенмин учурунда. Ушу кезге чейин бирөө дагы жоопкерчиликке тартылган жок. Башкы Прокуратура иш козгогону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Алар Башкы прокуратуранын имаратынын күйүп кеткенине шылташып, кылмыш ишинин аягына чыгарууну каалашкан жок. Өз өлкөсүнүн таламын талашпаган укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги элибиздин шору болуп кала берет. Бул биздин өлкөнүн трагедиясы.

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, КРнын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости