www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Тажикстанга болгон сапарынын башкы максаты – COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүүдө тажик бийлигине жардам берүү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Копенгагендеги кеңсесинин басма сөз катчысы Люба Негру Тажикстанга келген адистер тестирлөө жүргүзбөй турганын, бирок коронавирустун алдын алууга карата көрүлүп жаткан аракеттерге байкоо салып, лабораториянын мүмкүнчүлүгүн текшерерин айтты.

ДСУУнун эксперттеринин сапары техникалык жактан жардам көрсөтүүгө багытталган эмес, өлкөгө вируска байланыштуу кеңеш берүүчү адистер гана келет.

27-апрелде пандемияга байланыштуу авикаттамдар токтогонуна байланыштуу эксперттердин Тажикстанга келүүсү көп убакытты талап кылары белгиленген.

Ушул эле күнү ДССУнун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Галина Перфильева 1-майда Душанбеден Франкфуртка бара турган учак кайра уюмдун эксперттерин ала келерине үмүт артып жатканын билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сапары тажик бийлиги менен макулдашылган. Расмий Душанбе өлкөдө вирус жуктурган учур каттала элек деп билдирип келет. Бирок соңку учурда ондогон кишилер пневмониядан каза болуп, сөөктөрү хлорлонгон кепинге оролуп, сырдуу жагдайда жерге берилди, үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости