www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ABC News каналынын журналисти Уилл Рив «Good Morning America» берүүсүнө түз эфирге шымы жок чыгып, талкууга калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Уилл Рив түз эфирде дары-дармектерди кардарларына жеткирип берүү үчүн дарыканалар дрон колдонуп жаткандыгы тууралуу айтып берген. Коронавируска байланыштуу үйүндө иштеп жаткан журналист үстүнө талаптагыдай рубашка, костюм кийип, ылдый жагын көрүнбөйт деген ойдо шымы жок эфирге чыккан.
Аны көрүүчүлөр дароо байкап, "камераңды оңдоп алсаң болмок", "бутуңду жаап албайсыңбы?" деп сындап, журналисттин Твиттердеги баракчасында катуу талкуу кылышкан. Өз дарегине айтылган сындарга Рив кыскача гана "эфирден кийин машыгайын деп жаткам, ошондуктан убакытты үнөмдөгөм" деп жооп берген.
Булак: NazarNews.kg