www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажрыйба менен илимди бирдей колдоно билген адис

Кара кыздын агынан эмес, багынан экенине талаш жок. Бирок башыңа бак конгонун, ырыскы агып толгонун байкап калыш, бакыт кушун учурбай кармап алыш, ырыскыны төгүп албай сактап алыш оңой нерсе эмес окшобойбу! Кыргыз: “Бакыт деген тоголок, тоголонсо жоголот”-деп бекер айтпаса керек.

Канчалаган келечегинен көптү үмүттөндүргөн, бактысы да, ырыскысы да башынан ашып төгүлгөн улан-кыздар бир жарк деп өчкөн учкундай жок болуп, тиричиликтин чаңында басылып кала беришти. Азыр биз сөз кылып жаткан айым бактысын бага билип, ырыскысын сактап улай билип, каалаганын Кудайдан сурай билип, билим топтоп, илимин курай билип эмгектенип  келе жаткан бактылуу инсан.

Нурия Кубанычбековна 1974-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Ленин деген айылында милиционердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Нуриянын атасы милициянын подполковниги Маматазизов Кубанычбек бир кездерде Чоң-Алай РИИБин жетектеген, тажрыйбалуу, кадыр-барктуу офицер болгон. Апасы Карамат Токторова күзөт кызматынын кадрлар бөлүмүндө  өмүр бою иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Офицер ата өзүнүн 4 кыз, 2 уулуна тактыкты, тыкандыкты анан айтканын аткара билген бекемдикти үйрөтүп,  тарбиялай алган. Бул сапаттар Нурияга мектепте окуп жүргөндө да, кийин Академияда курсант кезинде да, анан кийин ишинде да абдан зор жардамын тийгизди.

“Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” дегендей атасы да, энеси да милицияда иштегендиктен, бала кезинен милиционердин турмушу, жашоосу ага тааныш болгондуктан, Нурияда  ким болсом, кайсы окууга барсам деген баш оору болгон жок. Ал орто мектепти бүтөрү менен милициянын Бишкектеги жогорку мектебине окууга өтөт. Нуриянын билимге умтулган жан дүйнөсү эми суусунун кандырып, билимин тереңдетүүгө шарт түзүлүп, колунан китеп түшпөй жүрдү.

Адам турмушунда укук маселеси адамдар белине тери орнуп, үнкүрдө жашаган мезгилден бери келе жаткан байыркы илим экен дейсиз, ал жөнүндө тиги ак баш, ак каш Сократтан баштап Маркс, Энгельс, Ленин, Сталинге чейин жазып салышкан экен. Аларды окуп аягына чыгыш, ар бир маселесин так түшүнүп ажыратыш баягы ийне менен кудук казган оор иш экен. Ошондон ушул күнгө окуп эле келе жатат, окуп эле келе жатат, дагы деле окула элек китептер,чечиле элек маселелер бүтчүдөй эмес. Көз майын коротуп китепти көп окуган курсант Нурия акырындап укук маселесинин маани маңызын, анын зарылдыгын жана натыйжасын, коомдогу таасирин түшүнүп, ак карасын ажыратканга жарап калды. Көп суроо берип, көп изденген,тикирейип китепти көп тиктеген курсантты Мектептин окутуучулары, жетекчилиги байкап, сынап, көз салып карап жүрүштү.

1997-жылы Нурия баардык сыноолордон ийгиликтүү өтүп, милициянын жогорку мектебин эң мыкты деген баалар менен бүтүрүп, кызыл дипломго татыктуу болот.  Мектептин окумуштуулар кеңеши кечээги курсанты бүгүн мугалим кылып калтыруу чечимин чыгарат. Эми Маматазизова Нурия Кубанычбековна милициянын жогорку мекетебинин административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу болуп иштей баштады. Эми окутуучу болгондон кийин мурдагыдан да көбүрөөк билүүгө, мурдагыдан да көбүрөөк окууга туура келди. Курсанттардын ар бир суроосуна толук кандуу жооп берүү үчүн, өзүңдө толук кандуу көрөңгө болушу зарыл экен. Ал эми суроолор укук маселесинде ар бир таштын астынан, ар бир чөптүн арасынан жайнап чыга берет.

Административдик укук дегениң кайнаган турмушту жөнгө салуучу бирден бир чылбыр дейбизби, тизгин дейбизби абдан зарыл каражат эмеспи. Ошентип баш оту менен ишке киришкен Нурия Кубанычбековна арадан кантип үч жыл өтүп кеткенин байкабай да калды. Анан нике кайып деген издесең табылбаган, кабылса качып кутула албаган нерсе буюрду да Нурия 2000-жылы ак жоолук салынып, апакай келин болуп көшөгө артында олтуруп калды. Ата-энеси милицонер болгон, өзү да милиционер кыздын жубайы ким болду дебейсиздерби! Милициянын офицери, Чүй обулусунун Токмок шаардык ИИОнун ыкчам иликтөө кызматкери Бактыбек Муратов деген жигит болду! Ушул жерден шашпай биздин каармандын тандап барган жубайынын иштеген жеринен берилген мүнөздөмөсүнө  бир аз токтоло кетели.

“Милициянын подполковниги Муратов Бактыбек Касымбекович ички иштер органдарына 1995-жылы милициянын Бишкек жогорку окуу жайынын курсанты катары кирип, 2000-жылы аны бүтүргөндөн кийин Чүй облусунун Токмок ШИИБнын ыкчам иликтөө кызматкери, 2002-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын аймактык тескөөчүсү кызматтарында эмгектенген. Кудайдын буйругу болдубу же жубайынын таасири тийдиби иши кылып ал 2010-жылы ИИМдин Академиясына окуу инспекциясынын ага тескөөчүсү болуп кирет. Андан соң №1 факультеттин тескөөчүсү болуп 2019-жылга чейин иштеп, 2019-жылдан бери №3 факультеттин тескөөчүсү болуп иштеп келет. Ал ИИМдин Академиясында кызмат өтөө учурунда өзүнүн жакшы жактарын көргөзүү менен билимдүү, тартиптүү жана жоопкерчиликтүү кызматкер экенин көргөзө алды. Берилген көрсөтмөлөрдү, тапшырмаларды өз убагында абийирдүүлүк менен аткарат. Академиянын коомдук иштерине активдүү катышат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тийиштүү жана керектүү укуктук ченемдик актыларды мыкты өздөштүргөн жана аларды өзүнүн ишмердүүлүгүнө туура колдоно алат. Академиянын №3 факультетинин студенттерине методикалык жардамдарды тийиштүү деңгээлде көрсөтүүнүн аркасында алардын арасында кадыр баркка ээ боло алган. Өзүнүн кесиптик билимин, жөндөмүн жана шыгын жогорулатуу үчүн ар дайым  талыкпай иштеп келет. Кесиптик жагындагы жаңыланууларды колдонууга жөндөмдүү. Ички иштер министрлиги жана Академиянын жетекчилиги койгон күжүрмөн тапшырмаларды так аткарып, коомдук тартипти сактоого активдүү катышат. Мүнөзү токтоо, кесиптештери менен туура мамиле түзө алат. Өзүн тыкан алып жүрөт жана ден-соолугу чың. Табелдик куралды колдоно билет. Өздүк курамдын арасында сый-урматка ээ”  Ушул мүнөздөмөдөн көрүнүп тургандай нике кайып Нурияны өз теңине кошуп, жашоосунун көркүн ачкан. Үйдө баары жайында болсо иште да көңүлдүү иштеп, ийгиликтерди жаратууга шарт түзүлөт эмеспи. Нурия билимге тереңдеп кирип, укук маселелерин изилдеген көптөгөн эмгектерди жаратты. Өзгөчө 2006-жыл түшүмдүү жыл болуп: “Кыргыз республикасынын кылмыш жаза мыйзамдары боюнча зордуктоонун кылмыш-жаза укуктук жана криминалогиялык мүнөздөмөсү“ деген темадагы кандидаттык дисертациясын жазып бүтүп, аны Кыргыз-Россиялык славян университетинин диссертациалык кеңешинде коргоого жетишкен.

Арадан алты жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен Нурия Кубанычбековнага  “Укук таануу” адистиги боюнча доцент деген илимий даража берилет.

2017-жылы ал: ”Кыргыз Республикасындагы Административдик деликталогия” деген темада докторлук диссертациясын коргойт. Окутуучунун иши да, тагдыры да илимге байланышып, жаштарга өзүнүн билгенин үйрөтүү менен жаштардан  учурдун талабын, мезгилдин шартын сезип, сабак ала билүү абдан маанилүү нерсе экен. Кийинки жылдары Нурия Кубанычбековна  ИИМдин ишмердүүлүгүнүн пайдубалын түзгөн кварталдык милициянын ишин кандайча жакшыртуу керек деген максатты көздөп бул багытта көп иштерди жүргүзүп келет. Ал “Кварталдык милиция” жана “Ювеналдык юстиция”  борборлорун жетектеп, алардын ишин уюштуруу менен көптөгөн семинар-тренингдерди өткөзүп, тегерек столдорду уюштуруп, ушул эки борбор аркылуу жаштарга тарбия таалим берип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп келет. Мүнөзү калыптана элек, ишенчээк, тез таасирленген өспүрүмдөрдү көчөнүн терс таасиринен сактап, аларды жаман жолго түшүп кетпөөсүнүн алдын алуу маселелери абдан маанилүү жана көп кырдуу маселе экени талашсыз. Бул жагдайда көптөгөн психологдор, педагогдор деги эле тарбия жаатында түшүнүгү бар окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, жакшы натыйжа бере турган ыкмаларды табышкан. Аларды кызматкерлердин арасында жайылтуу менен туура колдоно билүүгө үйрөтүү окутуучулардын милдети. Кийинки мезгилдерде милициянын кадырын көтөрүп, милиция менен  элдин ортосундагы мамилени жакшыртуу, эл менен кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө маселелерине көп көңүл бурулуп жатат. Жогоруда биз сөз кылган эки борбордо мына ушул маселелер боюнча талыкпай иш алып барат.

Тажрыйба менен теорияны,турмуш менен илимди бирдей колдоно билгенде таасири да, тийгизген пайдасы да жакшы болорун турмуш көргөздү. Азыркы күндө милициянын мыкты кызматкери Нурия Кубанычбековнадан тарбия алган  көптөгөн офицерлер ИИМдин катарында ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Окутуучунун дагы бир милдети: окуучулар каалаган убагында колуна алып, колдоно алышы үчүн усулдук окуу куралдарын жазып кетүү экен. Нурия укук маселелеринин көйгөйлөрүн чечмелеген 60тан ашык илимий эмгектерди жазып жарыялаган. Бул эмгектер курсанттардын арасында колдон түшпөй окулган эмгектерге айланып, пайдасын тийгизүүдө. Бир кездерде эң жаш окутуучу катары эмгек жолун баштаган ИИМдин Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасында Нурия Кубанычбековна ага окутуучусу, доценти анан 2008-жылдан бери бул кафедраны жетектеп башчысы болуп эмгектенүүдө.

Жубайы милициянын подполковниги Муратов Бактыбек менен бирдикте татынакай эки кызды тарбиялап жатышат. Ушундай, айта келсек адам басып өткөн жол бир заматта айтылып, жаза келсек эки үч баракка жазылып бүтүп калат. Бирок биз Нурия менен Бактыбектин келечегинде жазыла турган дагы толгон барактар,ийгиликтер жана жеңиштер бар экенине ишенебиз. 

Үсөнбек Дайырбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости