www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда чектөөлөр 1-августтан кийин да уланышы ыктымал. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин 1-орун басары Баходир Юсупалиев "Узбекистан-24" телеканалына курган маегинде билдирди. Ал азыркы чектөөлөр 1-августка чейин киргизилгенин коронавирус илдетинин инкубациялык мөөнөтү менен байланыштырды:

"14 күндүк убакытта илдеттин кишиден кишиге жугушунун алдын алууга мүмкүн. Эгер ошого жетише алсак, анда чектөөлөр 1-августта алынат”.

Юсупалиев эгер коронавируска чалдыккандардын саны азайбасы, чектөөлөр улантылышы ыктымалдыгын эскертти. Анын сөзүнө караганда, акыркы жумада эле Өзбекстанда вируска кабылгандардын саны үч миңге көбөйдү, бул жалпы оорулуулар 30% көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

“Ташкенттеги көптөгөн ооруканалар коронавирус оорусуна каршы күрөшүүчү бейтапканага айландырылды, демек, хирургиялык, онкологиялык, кардиологиялык жана башка илдетке чалдыккандар өз убагында тийиштүү медициналык жардам ала албай калышы ыктымал. Ошондуктан, биз элдин саламаттыгын сактап калуу үчүн кошумча чараларды көрүүгө мажбурбуз”, - деди Баходир Юсупалиев.

Өзбек бийлиги коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 10-июлдан 1-августка чейин карантин киргизген.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 13 миңден ашты, 61 адам илдеттен көз жумду. 7852 адам сакайып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости