www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина илиминин өкүлү, тажрыйбалуу дарыгер, мыкты уюштуруучу жана кесипкөй адис Шакиров Замирбек Мукушович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Шакиров Замирбек Мукушович 1972-жылы 24-ноябрда туулуп, өмүрүнүн акырына чейин медицина тармагына ак ниет кызмат кылып келди.

Замирбек Мукушович 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. Дарыгер адистигине ээ болуп, 1996–1997-жылдары интернатурадан өтүп, дарыгерлик квалификация алган. Кийинчерээк бир нече жолу квалификациясын жогорулатып, анестезиология-реаниматология, хирургия жана башка медициналык багыттар боюнча билимин тереңдеткен.

Эмгек жолунда ар кыл медициналык мекемелерде жооптуу кызматтарды аркалап, жетекчилик сапаттарын даана көрсөтө алган. 2013–2017-жылдары шаардык төрөт үйүндө башкы дарыгер болуп эмгектенип, энелер менен ымыркайлардын коопсуздугун камсыз кылууда жана төрөт кызматын өркүндөтүүдө олуттуу салым кошкон. Облустук төрөт үйүнүн координатору катары аймактагы акушердик-гинекологиялык кызматтын уюштурулушуна жана сапатын жогорулатууга жигердүү катышкан. Акыркы мезгилде “Грант здоровья” клиникасынын директору болуп иштеп, жеке медициналык сектордун өнүгүшүнө, заманбап кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө күч-аракетин жумшаган.

2012-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинин Акушердик жана гинекология кафедрасында ассистент болуп эмгектенип, болочок дарыгерлерди даярдоого салым кошкон. Анын илимий ишмердүүлүгү өспүрүм жаштагы кыздардын кош бойлуулугу маселесине арналган. Бир нече илимий эмгектердин автору.

Замирбек Мукушович өз кесибине берилген, бейтаптарга боорукер, кесиптештерине сый-урмат менен мамиле кылган инсан эле. Ал көп жылдык эмгеги менен коомчулукка жана саламаттык сактоо тармагына чоң салым кошту.

Ал үй-бүлөсүндө 4 баланын камкор атасы, ишенимдүү жубай, туугандарына тирек болгон. Анын жаркын элеси, адамгерчилиги, кесипкөйлүгү жана жөнөкөйлүгү кесиптештеринин, бейтаптарынын жана шакирттеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана өлкөнүн медицина коомчулугу маркумдун жакындарына, туугандарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Последние новости