www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүккө компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчёт берүү буйругу берилди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын басма сөз кызматы жарыялаган документте: "Ишкананын аткаруу органынын жетекчиси шайланган күндөн тарта сырттан башкаруу жол-жобосу токтотулсун, ошондой эле "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жана анын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде ал жетектеп турган убакта жасалган иштер тууралуу отчёт берсин", - деп жазылат.

Белгилей кетсек, "Кумтөр" толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген. Ошону менен катар Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган. Ал эми "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости