www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда бүгүн, 24-мартта өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ уюштурган элдик курултай өттү. Аталган атайын 13 жыл мурдагы жоогазын революциясы болгон күнгө арналып уюштурулду. 

-Жыйын өз максатына жетти. Эч кандай кемчилдиктер болгон жок. 2005-жылы 24-мартта Жоогазын ыңкылабы деген ат менен белгилүү болгон саясий толкундоолор ушул Жалал-Абад шаарындагы элдик курултайдан башталган. Ошондуктан курултайды жоогазын революциясына арнап,  Жалал-Абад шаарында өткөрдүк, - деди Кадыр Кошалиев.

Андан сырткары ТЭКтин жыйындан кийинки чечими тууралуу маалымат берди. 

Биринчи элдик революциянын 13 жылдыгынын  урматына карата уюштурулган  Туруктуу Элдик Кеңештин Жалал-Абад облусундагы  көчмө жыйынынын

                                               ЧЕЧИМИ

1.Кыргызстанда болуп өткөн эки элдик революциянын  максаттары, сабактары жана натыйжалары талдоого алынып, Кыргызстандын стратегиялык өнүгүү багытын аныктоодо кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына  басым жасоо туура деп табылсын.

2.КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, укук коргоо жана күч структураларындагы ишмердүүлүктү иретке салуу  боюнча иш-аракети колдоого алынсын.

3.Элдик Курултай институтун мыйзамдаштыруу маселеси коомдук мунасага келүү аркылуу  улуттук кызыкчылыкка төп келгендей шартта  токтоосуз турмушка ашырылсын.

4.2018-жылдын  апрель айына белгиленген Жалпы республикалык Курултайдын делегаттарын тактоо, кээ бир жерлерде кайра шайлоо иштери Жалал-Абад облусу боюнча   апрель айынын башына чейин аягына чыгарылсын.

5.Конституциянын талаптарына кайчы келген саясий куугунтуктар  жана сөз эркиндигин чектөө токтотулсун.

6.Мамлекеттик деңгээлдеги бир максаттуу аракет, улуттук ынтымак жана биримдик,  саясий күчтөрдүн ортосундагы баарлашуу- өнүгүүнүн өбөлгөсү катары бааланып, руханий - идеологиялык иштер ыкчам иретке салынсын.

7.Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы балансты сактоодо, алардын күчүн элдик кызыкчылыкка багыттоодо,   коомдогу стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү камсыздоодо-Президенттин өлкө башчысы  катары арбитрдик ролунун мааниси зор экендигин эске алуу менен, азыркы жөнөкөй эмес шартта КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековго тарыхый  озуйпа-милдет  тагылгандыгы  баса белгиленсин.

Жалал-Абад ш. 24.03.18.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости