www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында оппозициялык курултай өткөрүүгө эч ким тоскоолдук кылган жок. Ал курултайды шаар тургундары колдобогондуктан өтпөй калды. Ал эми курултайдын уюштуруучулары Жалал-Абад шаарынын салттуу иш-чарасына тоскоолдук жасоого аракет кылышты. Бул тууралуу бир нече саат мурун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борбору расмий билдирүү таркатты.
Билдирүүдө айрым маалымат сайттары курултайды уюштуруучулардын бири Адил Турдукуловдун билдирүүсүнө таянып, Жалал-Абадда өтүүчү курултайга шаар мэри Салайдин Авазов тоскоолдук жасаганын, атуулдарды курултайга барбоого үндөгөндүгүн жазып чыгышканын, бирок, ал таптакыр чындыкка туура келбегендигин жазган.
Көрсө, туура эмес экен. Бул тууралуу ТЭКтин мүчөсү Кадыр Кошалиев төмөндөгүдөй пикирин айтты.
--Таң калычтуу. Мен айткан авазына турбаган Авазовго таң калып жатам. Кудайды карап калп айтышпайбы. Бир жумадан бери аталган жыйынды уюштуруп жүргөн адам катары маалымат берейин. Кыргызстанда азыр бир баш бийлик жок экен. Бул Жээнбековдун адамы, ал Атамбаевдики, тиги шофердуку ж.б. Баарынан таң калычтуусу бирин-бири укпайт, бирдиктүү иш жок, аңдышмай, пайити келсе чалмай...Биринчи элдик революциянын учурунда 29 күн бою 30 миң эл, тикесинен-тике адилеттик, элдик бийлик үчүн турушкан. Тарыхый жерде көп эл катышкан жыйын өткөрүү сунушубузга жергиликтүү облустук админстрация, МЭР каршы болгондуктан эки күндүк сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешип, жабык имараттын ичинде 200 орундуу залда өткөрүүгө макулдашылган. Биз да ошого ылайык өзүбүз тараптан жүздөй киши чакырганбыз. Жалал-Абад шаарынын Мэри С.Авазов катышып сөз сүйлөгөнгө да макул болгон. Анан эле жыйын башталганга саналуу мүнөттөр калганда Март революциясынын каармандарын чай бермекке бөлүп жөнөтүштү. Кандай болгон күндө дагы биринчи элдик революциянын 13 жылдыгынын урматына карата уюштурулган Туруктуу Элдик Кеңештин Жалал-Абад облусундагы көчмө жыйыны өтүп, 7 пункуттан турган чечимин чыгарды.
Эске сала кетсек, 24-мартта өтө турган ТЭКтин жыйынынын уюштуруучулары жергиликтүү бийлик менен өткөргөнгө макулдук алышкан. Тилекке каршы, Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлиги, булар Алмазбек Атамбаев менен Икрам Илмияновдун адамдары дешип жыйынга келген катышуучуларды алып кетип калышкан.
Булак: NazarNews.kg