www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов азуулуу душман тапты. Анткени, ал келер менен бийликти «атамекенчилерден» тазалай баштады. «Эчкибаева» атка конгон Сурабалдиевага мамлекеттин бүлүнгөнү эмес, капчыгынын калыңдаганы кызык экени жүз күн вице-премьер болгондо билинди. Ал эл - жер кыдырып ушул жүз күндү сайрандап, жалдап алган журналисттерине соцтармактарда өзүн-өзү мактатып күн өткөздү. Ошондуктан, аны «Ата-Мекен» партиясынан экенин түз айта албаган Улукбек Марипов иштей албаганын баса белгиледи. Ал эми вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын  кызматтан кетүү тууралуу пикири мындай: "Колдоо көрсөткөн жана жардам бергендердин баарына, ошондой эле жумушумду сындап, ал үчүн тынсыздангандарга ыраазычылык билдирем! Жогорку кызмат - чоң жоопкерчиликти талап кылат. Муну менен бирге чоң стрессти алып жүрөт. Оор мезгилде келдим. Убактылуу экендигин билгем. Алдын ала сүйлөшүлгөн. Буга нааразы эмесмин. Документ иштерин бүтүрүп, тынч жан дүйнөм менен жумуштан кетем. Коронавирус боюнча жоопкерчиликти алуу оңой эмес. Республикалык коронавирус менен күрөшүү штабын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берем. 2021-жылдын 4-февралында вице-премьер-министр болгонума 100 күн болот. Отчётумду берем", - деп жазып калтырган Эльвира Сурабалдиева. Деги башкаларга окшоп 100 күн ичинде казынага колун матырып жиберген эместир, матырган күндө деле УКМК таап чыгат да.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости