www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев кезексиз президенттик шайлоону бекер айтпаптыр...

Былтыр Өмүрбек Текебаев кезексиз президенттик шайлоого чыга турганын жарыя кылган. Коомчулук дүргүп барып токтогон. Анан жарым жылдан соң Германияга элчи болуп кетти.

Бул көрүнүштү убактылуу саясый чегинүү катары бааласак болот. Каарманыбыз кызматын жигердүү баштап, элчи кандай иштеши керектигин көрсөтүп, мамлекетке кызмат кылуунун үлгүсүн кыска аралыкта шардана кылды...

Кызыгы, соңку убакта Текебаев Кыргызстанга учуп келип, активдешип, ар кандай кыймыл, топтор менен сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жетишти.

Бийликтин рейтинги түшүп баратканы, салт катары алмашылып келаткан президенттик кызмат бу саам түштүктүн лидерине ыроолонору, ага Текебаев гана жарай турганы, саясый элита колдоп кетери ыраспы?

Бул жагынан жашыруун оюндар башталганы эмнени билдирет? Кийинки аламанга чейин канча убакыт бар? А Өмүрбек Чиркешович кезексиз президенттик шайлоону былтыр эле айтып койгон да. Сыягы, пиар жагы катуу кетип атканы жөн жерден эмес го...

Булак: Азия News гезити

Последние новости