www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жыйын учурунда 8 аткаминер кармалды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда коррупцияны жоюу жана аткаминерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу темасына арналган жыйында Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) кызматкерлери 8 мамлекеттик кызматкерди камакка алды.

Кылмышка шектүүлөр жасалма документтер аркылуу миллиарддаган сумдук эгин уурдап, тамчылатып сугаруу үчүн ири өлчөмдөгү субсидияларды алышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу «Kun.uz» билдирди.

Маалыматта окуя качан жана кайсы жерде болгону такталган эмес, бирок, бир нече кылмыш иштеринин айрым маалыматтары келтирилген. Кармалгандардын арасында банктын мурдагы кызматкери жана ар кандай айыл чарба ишканаларынын жети кызматкери бар.

Атап айтканда, «Алпамыш» ун комбинатынын мурдагы жетекчиси Д. А. менен бирге кампа башчысы Ф.А. 12 млрд 87 млн сумга (1 млн доллардан ашык) 2884 тонна эгинди тоношкон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Д.А. 616 тонна эгинге келтирилген зыяндын ордун толтуруп, андан кийин баш коргоо чарасы камакка алуудан күрөө менен бошоттууга өзгөртүлдү.

Ушул эле ишке дагы эки камактагы — Музрабат дан кабыл алуу пунктунун мурдагы жетекчиси О.И. жана «Алпамыш» фабрикасынын мурдагы башчысы Е.О күнөөлөнүүдө. Е.О. 4 млрд 886 млн сумга (444 миң доллардан ашык) 1166 тонна эгинди тоноп кеткени аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын 5,4 млрд сумга (491 миң доллар) бааланган мүлкү камакка алынгандыктан, ал күрөө менен бошотулган. Мындан тышкары кампа башчысына жана ун комбинатынын улук аналитигине таандык эки «Gentra» унаасы конфискацияланган.

Дагы бир кылмыш ишинин алкагында Аму-Сурхан бассейндик сугат системалары башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Аталган мекеменин бөлүм башчысы Т.А. жана мекеменин бир катар жооптуу кызматкерлери «Shurchi Indenim Klaster» ишканасына караштуу 993 гектар пахта аянтына тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү боюнча жасалма документтерди даярдап, бул үчүн бөлүнгөн субсидиялардан 6,7 млрд сумдан (613 миң доллар) ашык акча каражатын уурдап кетишкен.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости