www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев №47 абакка кайтарылды

Бул маалыматты Өмүрбек Текебаевдин жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Ага ылайык, Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери Текебаевдин "жүрөгү жана жалпы эле саламаттыгы үчүн кооптонууга негиз жоктугун" белгилеп, абакка кайтаруу тууралуу чечим чыгарышкан. Бул маалыматты экс-депутаттын адвокаты Искен Афиджанов тастыктап, дарыгерлердин Текебаевдин саламаттыгын текшерүүсүнө депутаттар да, адвокаттар да киргизилбегенин билдирди: Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- Текебаевдин ден соолугун текшерүүгө аз убакыт берилди. Дээрлик бир сааттык убакытта врачтар анын анализдерин текшеришти. Бул бүгүнкү текшерүүнүн аныктыгынан шектенүүгө негиз берет. Ошол эле учурда текшерүү жүрүп жатканда жана дарыгерлердин кеңешүү мезгилинде УКМКнын жарандык кийимчен кызматкери кирип, аралашып жүрдү.

Афиджанов "Азаттыкка" "бүгүнкү жүргүзүлгөн медициналык кароо үстүртөн өткөрүлдү" деп белгилеп, Текебаевдин саламаттыгын жакшылап текшерүү талап кылынарын кошумчалады.

Адвокат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы дайындалуучу жетекчиси дарыгерлерге кысым көрсөтүүнү улантып жаткан кызматкерлерге чара көрөөрүнө ишенээрин билдирди.

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын текшериш үчүн ал бүгүн эртең менен Улуттук кардиология борборуна жеткирилген. Дарыгерлер анын жүрөгүн текшерип, Текебаевди ооруканада дарылоону же абакка кайтарууну медициналык консилиумдан кийинч чечишерин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости