www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылымчы осурактын жыты жаман

Алкынды самындай жылмышып колго токтобогон Аскарбек Шадиев өз арызы менен вице-премьерлик кызматын таштай качты. Бул жоругун: "Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды тапшырууну туура көрдүм", - деп жымсалдады.

Шадиев парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча шектүү катары сурак берип жаткан. Кызыгы Шадиевдин кызматтан кетиши "Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция кулап, өкмөт, коалиция кайрадан түзүлүшү мүмкүн" деген кептер талкууланып жаткан учуруна туш келди.

Шадиев - жаңы баш мыйзамга ылайык, депутат макамын сактап калган биринчи өкмөт мүчөсү. Салаадан куюлган кумдай болгон Шадиев депутаттык мандатын сактап калуу менен деле тергөөгө таасир тийгизет. Андай ак жүрөк болсо мандатын кошо тапшырсын, акчыланбай. Ошондо намыс менен аброй биринчи орунда турганын далилдейт. Болбосо өкмөттүн тагдыры кылдын учунда турганда кызматын таштай качканын мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон киши катары сыпаттап, кооз сүйлөп амалкөйлөнбөй эле койсун. Бирок миң кууланса дагы жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышы керек.

Булак: Фабула

Последние новости