www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев жөн жерден шорлотуп, камактын “шорпосун” татып келген  Өмүрбек Чиркешович Чотонов менен чиркелип алып, тамактын жаагын айрып жүргөндөй. Отуз жылдан бери  кыргыз саясатына белчесинен баткан Текебаев камактан чыккан соң Нельсон Мандела, Сальвадор Далиге айланып кыргыз саясатынын бүркөк жерлерин ачып, кызуу кандуулук менен кайрадан саясаттын “олимпине” чыгат деп болжоп келинген. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаевдик бийлик канчалык бут тоспосун “өлбө жаным өлбөлөп” Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” менен биригип Жогорку Кеңешке келген.

2016-жылга чейин дым унчукпай, бийликтин обонун созушуп келген Текебаев, президент алмашарын далысынан сезип, 2016-жылы Конституциялык референдумду шылтоолоп, Алмазбек Атамбаевге акыйнек айта баштайт.  Акыйнектин аягы жамандык менен бүттү. 2017-жылдын февралында Орусия президенти Владимир Путин иш сапары менен Бишкекке келген учурда  “Белизгейттеги” калпты таптым деп чет мамлекеттен учуп келаткан Текебаевди эки бүктөп камакка жашырып коюшат. Ошол кагазды камактан чыкты, эми деле жарыялап койсо болмок. Ал кагазды жарыялагандын ордуна Атамбаев президент кезинде “саясий рупоруна” айланган, азыр оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпас эстеликке айланып бараткан депутат Рыскелди Момбековдун үйүндө чучук, карта, жылкынын деликатес чүйгүн даамдарын жеп, эттенип бараткандай. Анан эмне кылат, анткени 7 пайыздык тоскоолдуктан араң өткөн “Ата-Мекен” эми 9 пайыздан кантип өтөт? Грузиядагыдай парламентке өтө турган тоскоолдукту алып салбаса же тоскоолдукту азайтпаса?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости