www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү.
Анын жүрүшүндө кайра депутат болгон Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, Садыр Жапаровго президенттик шайлоого катыша албай турганын эскертти.
«Бүгүн өлкөдө президент да, мына азыр кетти, парламент, туруктуу өкмөт да жок. Биз убактылуу өкмөт менен жашап жатабыз. Парламенттик шайлоону 60 күндүн ичинде, кайра президенттик шайлоону 3 айдын ичинде өткөрүү зарыл. Мен эки шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Буга мыйзам жол берет. Биз акча каражатын гана сарптап калбастан, өлкөдөгү мыйзамдуу бийликтердин тез калыптанышына, саясий стабилдүүлүктүн тез орношуна жетишет элек. Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири – таза, адилеттүү шайлоолорду өткөрүү. Мамлекет башчысынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүү чектөө. Анткени эч ким өзүнүн статусунан ашыкча пайдаланбасын деген чек, кооптонуу, Конституцияда так ушинтип белгиленген. Эгерде премьер-министрдин жан досу, жакын партиялашы президенттик шайлоого катышса, шайлоонун адилеттүү болгонуна эл ишенеби? Эгерде премьер-министр болбосо да шайлоого катышып жаткан анын жакындарыөз статустарын ашыкча пайдаланбады дегенге бүгүн эл ишенеби? Ошондуктан Садыр Нуркожоевич сиздин жакын чөйрөңүз президенттик шайлоого катышпаса, алдыга койгон максаттарга жеткенге жакшы шарт түзүлөт эле», - деди Текебаев.