www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы коронавирусу менен ооругандар бейтаптарды гана кабыл ала баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда аталган оорукананын башкы дарыгери Гүжигит Аалиев журналисттерге билдирди. 

Анын айтымында, кечээтен баштап оорукана кайрадан коронавирус менен ооругандарды кабыл ала баштаган.

Ал бир сутка ичинде ооуканага коронавируска чалдыккан 24 адам кайрылганын, бир бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.

“Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. 10 бейтап оор абалда ооруканага жаткырылды, 13 бейтаптын абалы орто оор” – деди ал.

Ал дүйшөмбүгө чейин жөнөкөй жугуштуу оорулар менен ооруган 111 бейтап үйүнө чыгарыла турганын, андан кийин мекеме толугу менен кызыл аймакка айлана турганын кошумчалады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости