www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровду президенттик шайлоого катышуусуна эч кандай тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кабарлады.

Депутттын айтымы боюнча, мыйзамдын талаптарына жооп берген ар бир жаран президенттикке талапкерлигин коюуга укуктуу. Анын ичинде Жапаров дагы.

«Бирок катышуучулар үчүн белгилүү чектөөлөр бар. Мисалы: курактык чектөө, (35 жаштан кичүү эмес жана 75 жаштан жогору эмес) жана жашаганга талап (талапкер өлкөдө жалпы 15 жыл жашаган жана Кыргызстандан башка жарандыгы жок болушу керек)- деп белгиледи Текебаев».

Президенттин милдетин аткаруучуга дагы чектөөлөр бар:

“Эгерде Садыр Жапаров мамлекет башчысынын милдетин аткаруучунун функцияларын Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп берсе, шайлоого катышууга укуктуу. Жана ошондой эле шайлоо учурунда премьер-министрдин милдетин убактылуу токтотушу керек.

Буга кошо бул чектөөлөр шайлоонун таза өтүшүн, шайлоонун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана адамдардын аларга болгон ишенимин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул чектөөлөрдү адамзат эчактан бери ойлоп тапкан. Алар Садыр Жапаровдун тарапкерлери үчүн ойлоп табылган эместигин кошумчалады Текебаев.

"Менин оюмча, ал шайлоого ишеним арткан адамдарга өзү кызыкдар болушу керек. Чындыгында, адилетсиз өткөн парламенттик шайлоонун айынан 5-октябрдагы окуялар болуп өттү”, – деп айтты Өмүрбек Текебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости