www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эч ким өз ыктыяры менен Форма-2 тапшырбайт, бул коррупциялык схеманын негизи. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди. Ал өз сөзүндө, ошондой эле акыркы шайлоолордо бардык партиялар жаштарды өз катарына алууга аракет кылгандыгын белгиледи.

«Тилекке каршы, жаштар ар кандай партияларда чачырап кетишти. Мен да алардын арасында болчумун. Мага ар кандай партиялардан сунуштар келип жатты, бирок өтпөй калуу бар эле. Мындан тышкары, акча маселеси дагы бар. Тизмеде биринчилерден болуу үчүн айрымдар 500 миң, 1 миллион доллар беришти», – деди Маматалиев.

Ошондой эле, ал шайлоо босогосу жөнүндө айтты. Анын пикири боюнча, эң жакшы вариант – босогону 3% га түшүрүү. Кошумчалай кетсек, ал агитаторлордун эмгек акысын белгилөөнү сунуш кылды.

«Биз агитаторлордун санын чексиз топтодук. Жана аларга айлык катары төлөп бердик. Биздин Бишкекте 12 миң агитатор болгон, алардын бардыгы эмгек акы алышкан. Анын санын чектеп койсок туура болот, анткени кээ бир партиялар азыраак берди, биз 20-25 миң сом төлөдүк », – деди Маматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости