www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда орусиялык жаран Леонид Маевскийдин аты “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду кестирген соң дуу чыккан. Алар 2017-жылы Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде 1 миллион доллар пара алган деген кине менен коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Көрсө Маевский накта аферист экен. Орусияда Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский “Альфа-банктын” кожоюндары Михаил Фридман жана Петр Авенден 50 млн. долларды опузалап алган деп айыпталууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маевский ишкерлерди жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн 50 млн. доллар талап кылган. Орус сайттары жазгандай, бул айып менен Маевский 15 жыл абакка кесилиши ыктымал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости