www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституцияны мыйзамдуу оңдоо 2020 – жылдын 1-сентябрынан башталат. Мындай он жылдык чек Убактылуу Өкмөт тарабынан атайын каралган, бирок бул чекке карабай 2016-жылы 16-декабрда президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Конституцияны мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз оңдоо боюнча референдум өткөн. Өмүрбек Текебаев каршы чыгып, ошонун кесепетинен камалып келди.

2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн соң Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Текебаев Өмүрбек Чиркешович башында турган Конституциялык комиссия түзүлүп, мурунку Конституциянын ордуна азыркы учурда иштеп жаткан 120 депутаттуу парламенттик мамлекет түзүлөт. Эске сала кетсек мурунку Конституция менен 90, андан мурункуда 70 гана депутат, андан тышкары буга чейин президенттик башкаруу болгон. 2007-жылга чейин ар бир округдан мажоритардык түрдө депутаттар шайланып келишкен. Балким, эми Конституция оңолуп түзөлүүгө уруксат берилсе, мамлекеттик бюджеттен итапкан акча бөлүнгөн парламенттеги депутаттардын саны азайар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости