www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-августта БШКда Турсунбай Бакир уулунун арызы каралып жатат. Бул тууралуу Бакир уулу NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Экс-депутаттын айтымында, өзү тараптан документтер толук болгон, партия тарабынан мүчүлүштүктөр кетүүдө.
«Борбордук шайлоо комиссиясы менин арызымды карап баштады. Мен таң калам да, “Бүтүн Кыргызстандын” юристин эмес, саясатчыны жөнөтүш керек эле, анткени юрист документтер үчүн жооп берет.”, - деди ал.
Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу басма сөз жыйын өткөрүп, анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы аны тизмеден чыгарып салганына даттанган. Бакир уулу аталган партия менен парламенттик шайлоого барууну пландап жаткан.
Мурдараак, соцтармактарда ал саясий партиядан кеткени тууралуу маалымат тараган, бирок экс-депутат бул маалыматты четке каккан.
«Кимдир бирөө мени “Бүтүн Кыргызстандан” чыгып кетти деп ушак таратты. Мен кеткен эмесмин. Ал эми мен партиянын тизмесинде эмне үчүн жок болуп калганымды эртең билесиңер», — деп жазган ал 25-августта.
Анын айтуусу боюнча, ал партиянын съездинде белгилүү бир талапкерлер тизмеси үчүн добуш берген, бирок шайлоого аз калганда тизме өзгөртүлүп, ал 22-орунга түшүп калган, андан кийин такыр эле тизмеден жоголуп кеткен.
“Бүтүн Кыргызстанга” менден кийин келген адамдар Боршайкомго тапшырыла турчу тизмени түзүшкөн болчу. Анын үстүнө, ал съездде добушка коюлбаган тизме болуп чыккан», — деди ал.
Бакир уулунун айтымында, партияга акча бергендер тизмеде андан алдыда турган орундарда жайгаштырылган.
Экс-депутат партиянын лидери Адахан Мадумаровдон талапкерлердин мурдагы тизмесин кайтарууну талап кылып, болбосо сотко жана БШКга кайрыларын билдирген.
Булак: NazarNews.kg