www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Улуттук кардиология борборунун жетекчиси Айнагүл Жумагулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейинки алынган анализдердин жыйынтыгы жана текшерүүлөрдүн корутундусу боюнча 12-апрелде дарыгерлер консилиум өткөрдү: Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

-Консилиумда берилген маалыматтар боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын дагы кошумча текшерүү зарылчылыгы бар экени аныкталды. Кан тамырлары дагы текшерилүүгө тийиш, мындан тышкары невропатолог көрүшү керек.

Жумагулованын маалыматы боюнча, Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгын текшерүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлери тарабынан жүргүзүлөт.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №47 абактан 10-апрель күнү Улуттук кардиология борборуна жеткирилип, ден соолугу текшертилген. Текебаевди ооруканага которуп дарылоо же абакта калтыруу маселеси текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша, дарыгерлердин корутундусуна ылайык чечилери айтылган.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости