www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Темирбек Асанбеков менен биригип, шайлоого бирге аттануу чечим кабыл алган  “Жаңы дем” боюнча сүйлөштүк.  

--Темирбек мырза, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскеллди Момбеков, Жанар Акаев жана башкалардын биригүүсү Кыргызстан үчүн пайда алып келеби?

--Бул инсандардын болгон жөндөмү бирөөгө сын тагуу, күнөө издөө, чыр чатакты күчтөндүрүп коомдук стабилдүүлүктү бузуу. Булардын, башка саясый тактикалары жок. Ошондуктан, социалдык - экономикалык өнүктүрүү тармагына илимий жол ачып, Кыргызстандын сапатттуу мамлекет болуп өнүгүүсүнө салым кошот дегенден алысмын. Болгон тажрыйбаларын, парламентте да, аткаруу бийлигине да аралашып көрсөтө алышкан жок.

--Буларды шайлоо биригүүгө аргасыз кылып жатабы же бийликти эсептештириш үчүн биригүүгө аргасыз болуп жатышабы?

--Алардын ич ара биригүүсү , өз алдынча эл ишенимине татыктуу боло турган саясый партияны негиздей албагандыктарын далилдейт. Аргасыздан биргелешип, бийлик системасына нааразы болгон элдин башын бириктиримиш болуп, эптеп добуш чогултуп, парламентке жетүүнү көздөшүүдө. Эң таң калыштуусу өздөрү сындап жаткан мамлекетибиздин азыркы башкаруу системасын түптөгөн "Ата Мекен" партиясына кошулгандары кызык болуп жатат. Тагыраагы, жаңы демге бириккен саясатчылардын “Ата Мекен” партиясынын желегинин алдында шайлоого аттанышы, саясый аренада банкрот болгондорун далилдейт. Анткени, өзүнүн идеясын, саясый өзгөчөлүгүн жана туруктуулугун жоготкон партиялардын келечеги болбойт.

--Бул биригүү ич ара интриганы күч алдырбайбы?

--Албетте, чатак, ич ара тиреш күч алат. Анткени, сынчылар чогулган жерде эч качан ынтымак болбой. Булар азыр биригип жаткандай таасир калтырышканы менен эртели-кеч жеке саясый кызыкчылыктарын көздөп, ич ара тирешүү интригалары башталат. Өзүмдүн атыман иш аракеттерине ийгилик каалайм, канча убакыт чогуу болушса да , бактылуу "үй бүлө" болушуна тилектешмин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости