www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 8-июндагы жыйынында Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдарынын берүүлөрүн Кыргызстандын акысыз санарип куржунунда көрсөтүү мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун демилгечиси - Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. 27-майдагы жалпы сессияда айрым депутаттар Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна Орусиянын "1-канал" жана "РТР" телеканалдарынын​ кирип калганына нааразы болуп, мыйзам долбоорун четке кагууну сунуш кылышкан.

Маселени күн тартибинен алып салуу жөнүндө сунуш добуш берүүгө коюлганы менен өткөн эмес, ал добуш берүүгө жиберилип, жыйынга катышкан 107 депутаттын 53ү «каршы», 54ү «макул» деп добуш беришкен. Документ биринчи окууда кабыл алынды деп табылган.

Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоору «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Орусиянын эки каналын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстандын бюджетинен акча төлөнөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости