www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ички саясий стабилдүүлүктү камсыз кылбасак, тышкы саясий экономикалык маселелерди  эч качан чече албайбыз”, - деди Темирбек Асанбеков NazarNews маалымат агенттигине жаңы өкмөттүн куралышы жана инагурациянын алкагында пикир алышууда.

- Темирбек Ишенбаевич, жаңы өкмөт түзүлгөнү жатат. Кимдер жаңы өкмөткө мүчө болсо, мамлекеттин жүгүн жеңилдетип, ишин илгерилетет деп ойлойсуз?

- Улуттук экономикабыз өтө оор абалда. Бийлик институттарыбыз да саясий кырдаалга жараша чечкиндүү иш аракеттерин көрсөтүүгө кудурети жетпей турат. Аткаруу өкмөтүбүздүн социалдык экономикалык маселелерди комплекстүү түрдө чечүү багытындагы илимий сунуштары да жокко эсе. Азыркы кырдаалда чечкиндүү кадамдарга барып, экономикалык кризистин маселесин чечүү сунуштарын көрсөтө ала турган, эски бийлик системасына, коррупцияга аралашпаган билимдүү адамдардан өкмөт куралса гана мамлекетибиздин өнүгүүсүнө жол ачылат.

- Абал оор, кырдаал кыйын мезгилде Өкмөт мүчөлөрү кандай талап менен тандалышы керек?

- Азыркы иш аткарып жаткан өкмөт мүчөлөрү, коомдук тополоңдон кийин, убактылуу саясий келишимдин талабына жараша түптөлгөн. Андыктан, жаңы өкмөттү баардык мамлекеттик социалдык, экономикалык маселелерди жогорку деңгээлде түшүнгөн, фундаменталдуу илимий тажрыйбасы бар, дүйнөдө болуп жаткан макроэкономикалык процесстерди эске алып, стратегиялык түшүнүк менен чечим чыгара алган, улуттук экономикабыздын кызыкчылыгын коргой алган ишмерлерден аткаруу бийлиги түптөлүүсү зарыл деп ойлойм. Болбосо, 1-2 жылга жетпей Кыргызстанда социалдык маселелердин кесепетинен саясий кризиске такалып, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине чоң коркунучтар жаралат.

- Көпчүлүктү таңгалдырып жаңы шайланган президентибиз Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарын инагурацияга чакырганы маалым болду. Анын бул аракети мындан ары бирдикте, ынтымакта иш алып баралы дегениби же аларды тынчытуу аракетиби?

- Саясий атаандаштарын инагурацияга чакырып, мамлекетибиздин ички туруктуулугун, ынтымактуулугун бекемдөөгө багыттаган Садыр Нургожоевичтин аракети мактоого татырлык иш. Анткени, ички саясий стабилдүүлүктү камсыз кылбасак, тышкы саясий экономикалык маселелерди эч качан чече албайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости