www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидерин кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Темирбек Ишенбаевич, БШКнын кысымга карабай шайлоо күнүн жарыялаганы туурабы?

-БШК бул сапар мыйзам талабына ылайык чечимдерди чыгарып, туура багытта иш кылып жатат. Тагыраагы, шайлоо күнүн аныктагандарынын баары мыйзамдын чегиндеги иштер. Тилекке каршы, алардын андай аракетин жокко чыгарып, жаңы бийлик парламенттик шайлоону кечеңдетип мыйзамга каршы иш кылып жатат.

-Бийлик шайлоодон мурун референдум өткөрүү аракетин көргөнүнө карабай БШК президенттик шайлоонун күнүн жарыялады. Ошондо БШК бийликке баш ийбей жатабы?

-Референдум жарыялоого азыркы кырдаалда эч кимдин моралдык да, мыйзамдык да укугу жок! VI-чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгүнүн эки жүздүүлүгү, саясый чыккынчылыгы коом алдында аныктала баштады. Референдум жасоого ашыкпай алгач парламенттик шайлоо өткөрүлүп, мамлекет түптөлүп, маселенин баары ачык, айкын, адилеттүү чечилүүсү зарыл болчу. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости