www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  көз карандысыз журналист Айданбек Акматовду кепке тартып, кайчы пикир жараткан маселелерге жооп алууга аракет кылдык.

-Айданбек мырза, БШК парламенттик шайлоо күнүн жарыялаганына карабай сот аркылуу жокко чыгарышты. БШК мыйзам боюнча иш алып барып жатабы же жаңы бийликти тоготпой жатабы?

-БШК президенттик шайлоонун күнүн туура жарыялады. Анткени, мыйзамдын жолу жана талабы ошондой. Шайлоо кодексине ылайык, шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылса, анда кайра шайлоо 1 айдын ичинде жарыяланып, 45 күндүн ичинде өтүш керек. БШК кодексти жетекчиликке алып, кайра шайлоону жарыялады. Тагыраагы, БШК мыйзамга баш ийип, мыйзам жолу менен баратат. Бийлик БШКны кысымга алууда. Ички иштер министрлиги БШКнын мүчөлөрүнө кысым жасап, суракка чакырып жатат. Азыркы бийликтегилер бардык бийлик бутактарын басып алып жаткандай эле БШКны да колуна алууну көздөп жатат. Мындан улам президенттик шайлоодо административдик ресурсту, БШКны да колдонолу деп жатабы деген ой келет экен.

-Референдумдан мурун президенттик шайлоо болгону туура элеби?

-Президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү Конституциянын талабы. Ал маселе Конституцияда так жазылып калган. Ошондуктан өзгөртө алышкан жок. Менин жеке пикиримде, бийлик мыйзам жолунда болуш керек. Мыйзам жолунда болгондо, декабрь айында парламенттик шайлоо, январь айында президенттик шайлоо өтүп, андан кийин конституциялык реформа жасалыш керек эле. Конституциялык реформа алдында референдум өткөрүлүп, анда башкаруу системасы тандалып алыныш керек эле. Мына ошого жараша Конституция жазылса туура болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости