www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун менен баарлашып, кайчы пикир жараткан жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Турсунбек агай, неге көпчүлүк саясатчылар шайлоону токтотуп референдум өткөрүүгө каршы чыгып жатышат? Мындай учурда  Конституция одоно бузулабы?

-Премьер-министрдин шайлоону токтотуп, конституцияны өзгөртүү сунушун 83 депутат колдоп, жаңы мыйзам кабыл алганы менен алтынчы чакырылыштын депутаттарын канча жамандасак дагы тарыхта татыктуу баасын алышы мүмкүн. Анткени, азыр мыйзамдуу орган Парламент жана жаңы шайланган Өкмөт болуп саналат. Эми аларды сындап, каралаштын кажети жок. Мен билгени өмүр бою конституцияны да, мыйзамды дагы бузуп жүрүшкөн саясатчылар жаңы бийликти сындап, мыйзамдуулукту орнотуп, конституцияны түп тамырынан оңдоп, өзгөртүү киргизип алалы деген депутаттардын  чечимине каршы болуп жатышат.

-Парламент да, өкмөт башчы Садыр Жапаров да эмне үчүн  ушундай кадамга барды?

-Алар бул кадамга тез аранын ичинде референдум өткөрүп, үч маселени чечип алыш үчүн барышты. Биринчиси, Кыргызстандын бийлигинин башкаруу формасын эл тандашы керек. Тагыраагы, президенттикпи, парламенттикпи же азыркыдай аралашма башкаруу болобу ошону чечип алышыбыз керек. Экинчиси, депутаттарды бир мандаттуу шайлоо жолу менен тандайбызбы же партиялык системаны сактап калабызбы ошону тактап алышыбыз керек. Үчүнчүсү, Курултай институту керекпи же керек эмеспи деген суроону да референдумга кошушубуз керек. Конституцияда бийликтин ээси эл. Эң негизги бийлик элде деп жазылып турат. Эл бул сапар башкаруунун формасын да, депутаттарды шайлоо системасын да өздөрү тандашы керек. Буга чейин бир да президент элден кайсыл башкарууну каалайсың, кандай система менен депутаттарды тандайлы деп сураган эмес. Ошон үчүн референдум өткөрүп, башкаруу системасын тактап алып, анан конституцияны өзгөртүүгө барышыбыз керек. Конституцияны өзгөртүш үчүн кандайдыр бир долбоор талкууга алынып, конституциялык кеңешме түзүлүшү керек. Тагыраагы, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен конституциялык кеңешме түзүлүп, ага түрдүү партиялардын өкүлдөрү, кыймылдардын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана улуу, кичүү муундун өкүлдөрү кирип, улуттук консенсус менен жакшы Конституция иштелип чыгышы керек.

-Партиялык система Кыргызстанда ордун таба алган жокпу?

-Партиялык система менен 11 жылдан  бери жашап көрдүк. Партиялык система кыргыздын кыртышына туура келбесин сездик. Ошондой эле партиялар партиянын кызыкчылыгы, партиялык клубдар түзүлүп, партия жөнөкөй эле фирма сыяктуу болуп калганына күбө болдук. Партиялар жалаң кызыкчылыктар үчүн биригип партиялар идеясына, уставына, концепциясына карап бирикпесин көрдүк. Ошон үчүн саясатчылар депутаттар бир партиядан экинчи партияга өтүп кеткенди адат кылып алышканынын себебин билдик. Кыскасы, партиялык система менен депутаттарды шайлайбыз деп отуруп, партиялар Кыргызстанды талап-тоноп коюшканына күбө болдук. Биз партиялык системага, парламенттик башкарууга даяр эмес экенибизди түшүндүк. Ошон үчүн шайлоодон мурун эл партиялык система менен барганыбыз оңбу же бир мандаттуу шайлоо туурабы референдум жолу менен чечип алышыбыз керек деген ойдомун.

-Анткениңиз менен шайлоону токтотуп калпыстыкка жол берди. Конституция бузулду деп нааразы болгондор көбөйдү го?

-Балким, мындай учурда Конституция бузулушу мүмкүн. Конституция бузууга аргасыз мажбур болгон себептер да болгондур. Чынында ушул убакка чейин конституцияны кимдер гана  бузган эмес. Тагыраагы, президенттер, спикерлер, депутаттар, саясатчылар Кыргызстандын шартында баарыбыз Конституцияны бузуп келе жатабыз. Азыр болсо конституцияны бузду деп ачуу сындардарды айтуу туура эмес. Жаңы бийлик жана депутаттар азыр өтө оор абалда иштеп жатышат. Тезирээк башкаруу системабызды аныктап, президент менен парламентти шайлашыбыз керек. Ошондой эле конституцияны бузулду деп кыйкырып жаткандар өздөрү убагында конституцияны бузууга аргасыз болгондорун  эстен чыгарбашы керек.

-Кимдер качан конституцияны бузушканын айта аласызбы?

-Азыр Конституция бузулду деп жаткан Адахан Мадумаров өзү канчалаган мыйзамдарды бузган. Баткендеги жерлерди тажиктерге берип жатканда мамлекеттик секретарь кызматын аркалап жатканына карабай  протоколго кол коюп, конституцияны бузган. Ошондой эле  Каркыраны казактарга бергенде да ошол парламент толугу менен мыйзамды бузуп, элдин кызыкчылыгын тебелеген. Азыр Конституция бузулду деп кыйкырып жаткан кээ бир саясатчыларды 2005-жылы түрмөдөн бошотуп чыкканбыз. 5-6 күндөн кийин соттун чечимин чыгартканбыз. Ошондой эле Отунбаева, Текебаевдер башында турган Убактылуу Өкмөт качан мыйзамдуу болду эле. Ал кезде парламент, өкмөт, президент да жок болчу. Өздөрү бийликти алып, Убактылуу Өкмөт түзүп, декреттерди кабыл алды. Төрайым шайлап, төрайым президент болду. Акчанын баарын оңду-солду чачып, Ош окуясына жол беришти. Кан төгүлдү. Конституция кабыл алынды. Чынында ошондой шартта Конституцияны кабыл алганга аларга ким укук берди эле.

-Ошондо жаңы конституцияны кабыл алыш үчүн эски конституцияны бузууга аргасыз болобузбу?

-Андай десек да болот. Анткени, Конституция бузулду деген кандайдыр бир деңгээлде туура. Эгер Конституция менен бара турган болсок, конституцияны өзгөртө албайбыз. Конституцияны өзгөртүш үчүн биринчи окуудан кийин 2 ай, экинчи окуудан кийин эки ай убакыт керектелет. Азыр антип жайбаракат жүрө бере  турган учур эмес. Азыр өзгөчө кырдаал. Кылычын кармап кыш келатат. Элди илдет каптап жатат. Элди багыш керек. Ошон үчүн Конституция бузулду дегенден мурун Конституция эл үчүн иштеши керектигин түшүнүшүбүз керек. Элдин күндөлүк турмушун камсыз кылышыбыз зарыл. Элдин бейпилдигине, коопсуздугуна кам көрүп, конституцияны эртерээк кабыл алып, мыйзамдарды иштетишибиз керек.

-Конституция бузулду деп безилдеген саясатчылар конституцияга күйүп жатабы же жаңы бийликке бут тосуп жатышабы?

-Азыркы конституциялык реформаны сындап жаткандар конституцияга күйбөй жатат дебейм. Бирок, алар бир убакта күйгөн да эмес. Конституцияны одоно бузуп, кыргыздын жерин башкаларга берип жиберген учурлары болгон. Ошол кездеги бийликке кошомат кылып, депутаттардын оозун жапкан. Азыр күйүп атканына рахмат. Бирок, мурун неге мынчалык күйүшкөн эмес деген суроо жаралат.

-Чындап эле азыр кыйкырып, күйүп-бышып жаткандар мурун неге Конституция бузулду деп мынчалык чырылдашкан эмес?

-Анткени, айрымдарынын партиясы 7 пайыздык тосмодон өтүп кеткен. Алар бийлик алмашпаса депутат болуп калмак. Конституция өзгөрбөй партиялык система иштеп турса, азыр да депутат болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер Конституция өзгөрүп, референдум болсо, бир мандаттуу шайлоо системасына өтсөк, партиялары жоюлуп, депутат болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн Конституция бузулду деп бийликке келбей калабыз деп жанталашып, жеке кызыкчылыгынын баарынан жогору коюп жатышат. Тагыраагы, кыйкыргандардын баарынын максаты бийликке келүү. 5-октябрда баарынын бети ачылды. Баары премьер, баары министр болгусу келээрин көрсөтүп алышты. Карыларды кой, жалындаган жаш балдар да министр болом деп төш кагышты.

-Турсунбек мырза, айтканыңызга ынаналы. Балким, Адахан Мадумаровдун Садыр Жапаров кайнап турган сууга түшө турган жолдо бара жатат деп көрөгөчтүк кылып жаткандыр...

-Биринчиден, Садыр Жапаров элдин үнүн угуп жатат. Анткени, ал бийликке азыркы парламенттин же кеткен президенттин аркасы менен эмес элдин колдоосу менен келди. Азыркы парламент түштөн кийин гана нотариалдык орган катары "оформит" этип жеңилгенин мойнуна алып, үчүнчү жолку жыйында премьер-министр катары аргасыз бекитти. Ошон үчүн Садыр Жапаров элдин үнүн угушу керек. Биз миңдеген адамдар 30 жылдан бери Курултай институтун киргизели, башкаруу системасын президент же парламент эмес эл чечсин деп какшап келе жатабыз. Малайзиядан Кыргызстанга учуп келген Азимбек Бекназаров айтып кайрылып жатат. Курултайдын аткаруу комитети 4-5 жолу курултай өткөрүп. Мыйзамдарды кабыл алууга аракет кылдык. Курултай институтун киргизүү боюнча тегерек үстөлдөрдү өткөрдүк. Миңдеген адамдар келип, курултайдын туусун көтөрүп турду. Жээнбековго маселени кабыргасынан койдук. Курултайдын мыйзамын иштеп чыгуу боюнча атайын уюштуруу комитети түздүк. Кыскасы, Курултайды аткаруу комитетинин мүчөлөрү Садыр Жапаровго да түрдүү каналдар менен чыгып айтып жатабыз. Митингге чыккан жаштар дагы партиялык система жоюлсун, курултай институту ишке кирсин деп талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости