www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде өлкөдө соода соолуп бара жатканын эскертти.

Анын айтымында, сооданын солгундашы коркунучтуу. Анткени бул кирешелүү жана көп салык төлөгөн тармак. Мындан улам жалпы экономикада сооданын орду чоң.

«Соода болбой калганынын эң чоң көрсөткүчү: «Дордой» базарында киши жок; Казакстан, Өбекстандан келген кардарлар да жоголду. Эгерде Кыргызстан транзиттик жүктөрдүн хабына айланса, ыңгайлуу шарттар бар. Болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Чиновниктер логистикалык борборлорду уюштуруп курууга бир да кадам кылышкан жок. Ал эмес, план да жок. Мүмкүн жаңы өкмөт орчундуу маселелерге көңүл бураар. Эң чоң кемчилик - товарларды сыртка чыгара турган саясат жок», — дейт Шабданалиев.

Ал мындан сырткары «Торугарт» өткөрүү бекети мурдагы тартипте иш алып барбагандыктан, Кытайдан ташылып келинүүчү товарлар келбей жаткандыктан, миңдеген айдоочу жумушсуз калганын да кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости