www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Борбиев өз пикиринде “башкалардын тайыздыгына таң калам” деп өз тайыздыгын көрсөтүп элди таңданттырды...

“Жылдыздар кулаганда...”

Учурда белгилүү дастанчы, ырчы Кыргыз эл артисти жана башка бир катар сыйлыктардын ээси Роза Аманова, Эл аралык медициналык университеттин ректору болгону бир топ талкууну жаратууда. Бир катар чыгармачыл адамдар Роза Аманованын талабын талашып коргошууда.

Мисалы ырчы акебиз Бек Борбиевдин пикиринде колуңдан келеби ректор болуп ал, себеби Аманова менчик окуу жайда ректор болду. Ректорлук мансап студент окутпайт ал уюштуруу, башкаруу милдетин камтыйт.

Азыркы тилде айтканда менеджер дейт. Албетте эгер мындай пикирди жеке өңүттө карасак туура бирок коомдук ишмер, элдик чыгаан жылдыз адамга карата мындай пикир туура эмес болот. Ректор деген бул жогорку окуу жайдын жетекчиси, башчысы.

Эгер менчик окуу жай болсо анда кожоюну десек болот. Менчик жогорку окуу жай эмне дегенди билдирет? Эң алгач мындай окуу жай “платный” дегенди билдирет. “Платный” болгондо чоң акча айланта турган билим берүү тармагындагы бизнестик мекеме. Ошондо кандай болот? Биздин атактуу жылдызыбыз, маданият тармагынын көрүнүктүү инсаны, руханий байлыкты бийик тутуп алып жүрүүчү чыгармачыл эжекебиз Роза Аманова көр байлыктын аркасынан түштүбү? Роза эжени кумир тутуп “ошол эжедей болом” деген канча кыздардын мууну бар? Ошол муундарга Роза эже кандай үлгү болду? Коомчулуктун сындаганы аны ректор болуп сабак бергени же бербегени эмес? Сын-пикир жараткан жагдай ошол Роза эжекебиздин пулдун артынан сая түшкөнү болууда. Эмне бул эжекебизге тыйын жетпейби? Же тиги чалы Кубанычбек Жумалиев премьер-министр кезинде азыраак сугунуп коюп эми ал сугунгандары түгөнүп акчага муктаж болуп калыптырбы?-деген сыяктуу сроолорду жаратат.

Аманованын бул кадамын туура деп колдоп турган Бек Борбиев акебиз деле пулдун кулу окшойт?

Урматтуу Бек мырза, негизинен Амановага караганда биздин курактагылардын арасында эң “курсу” жогору чыгармачыл инсансың, ошондуктан пикирди этияттап айтканың абзел. Албетте сенин пикириң туура болот, эгер жөнөкөй бир Аманова деген “кара катын” кайдагы бир менчик окуу жайга ректор болсо... Ал эми Кыргыз эл артисти, Токтогул сыйлыгынын жана башка наамдардын ээси, буга кошумча профессор Роза Аманова менчик “платный” жогорку окуу жайга башчы болду дегени ушундай чыгаан инсан көр дүйнөнүн артынан түштү дегенди билдирет.

Демек жогоруда айтылган наамдарга, сыйлыктарга Роза Аманова татыксыз экенин айгинелейт. Балким айтылган сыйлык, наамдарды сатып алгандыр?

Эгер Бек Борбиев Розанын деңгээлинде ой жүгүрткөн болсоң демек экөөңөрдүн жан-дүйнөңөр жардыланып, руханий байлыкка умтулууңар жоголуп, таланттарын тыйын табуу максатына гана жумшаган пенделер экениңерди билдик...

Демек базарларда кыягынын бурчуна, комузунун башына баштык илип ырдап жүргөн сокур тилемчилерден эч айырмаңар жок пендесиңер... Чынын айтканда ошол тилемчилер экөөңөрдөн да жогору экен. Себеби алар өз өнөрүн баа бычып сатышпайт...

Ушунда-аай элим! Жылдыздар кулаганда дүнүйөкор болушат турааа... Аттиң!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости