www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна катышты.

Форумдун катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн, Кыргызстандын келечегине толгонот, өнүгүүсүн эӊсейт, өлкөнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карай албайт, деп белгиледи.

»Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз олтурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ушул вазийпаны аткарып, көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып,  жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.

»Мекендештер» форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм.  Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат», — деп белгиледи Президент.

Ал өнүгүүнү камсыз кылган базалык технологиялар эскирип, жаӊы  мүмкүнчүлүктөр баарын теӊ ойго салган мезгил келип, ар бир мамлекет өзүнүн келечек жолун издөөгө мажбур болуп жактанын белгиледи.

Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын, өлкөнүн келечегин курууга активдүү катышуусун сөзсүз эске алуу керек.

Мамлекет башчысы жакында Узак мөөнөттүү Стратегияны талкуулоого арналган Улуттук кеӊештин жыйыны боло турганын жана анда чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануу үчүн маанилүү кадамдар каралганын белгиледи. Бүгүн сунушталган омоктуу ойлор, рационалдуу идеялар да эске алынат. «Сыртта эмгектенген мекендештерибиздин  мобилдүүлүгү жана активдүүлүгү, ишкердик потенциалы, менталитети, алар жашаган мамлекеттердин ар түрдүүлүгү бизди башкалардан айырмалап турат. Биздин өнүгүү жолубуз, ушул өзгөчөлүктөрдү сөзсүз эске алышы керек, буга чейин ырааттуу ишке ашпай келген ресурсту толук кандуу колдонуу зарыл. Биз башкалардын тажрыйбасын ылайыгына жараша колдонуп, бирок, өнүгүү жолубузду өзүбүз чабышыбыз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент коом тарыхый баалуулуктарды сактап, жетим-жесирге, кары-картаӊга кайрымдуу болушу абзелдигин өзгөчө белгиледи.

»Биздин коомдо кароосуз калган карыя, таштанды болгон наристе болбош керек. Өткөн тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма эсибизде болууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү — бул социалдык объектилерди жана жолдорду куруу гана эмес, руханий жактан өнүгүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы башкы чогуу аткарчу милдеттер жумуш орундары арбын түзүлүп, жумушсуздуктун жоюлушун камсыз кылуу, чет элде жүргөн мекендештерди колдоо, алардын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоо экенин белгиледи.

Бул максатта коррупция менен болгон күрөш, ар кандай схемаларды жоюу,  салык жана бажы чөйрөсүндө ачык-айкындыкты, адилет мамилелерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Товарды экспортко чыгарууну колдоо, бизнестин көлөмдүү рынокторго жетүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү аракеттер аткарылууда.  ЕврАзЭСке мүчөлүктү, Европанын ВСП+ артыкчылыгын активдүү пайдалануу үчүн зарыл кадамдар жасалууда.

»Кайсы жерде жүрсөк дагы адамдык абийир менен улуттук ар-намысты ыйык тутуп, мекенчилдик позициябызды бекем карманышыбыз парз. Мунун зарылдыгын ушул сыртта жүргөн кыргызстандыктардын мисалында эле түшүндүрүп берейин. Абийир менен ар намыска ар кандай мамиле кылган адамдардын эки чоӊ тобу бар десек болот. Биринчиси, Кыргызстанды тоноп, элдин энчин соруп, мекендин байлыгын алып чыгып кеткендер. Эл-журттун ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи жооп берчү күн келет», — деп белгиледи Президент.

Ал ошондой эле үй-бүлөсүн багуу үчүн бөтөн жерде эмгек кылып жүргөндөрдү, ак эмгеги, маӊдай тери менен байлык топтоп, Кыргызстанга алып келгендерди, кайсы жерде жүрсө да, кыргыз деп түйшөлгөндөр, өз тагдырын Кыргызстанга тыгыз байлагандарды, ата-журттун өнүгүүсүнө салым кошууну эӊсеп, аны дайыма жүрөгүндө сактагандарды белгилеп өттү.

»Булар ушул форумга катышып олтургандар, сиздерсиңер! Ошондой эле шартына жараша бул форумга келбей калган, сыртта эмгектенип жүргөн жүз миңдеген мекендештерибиз. Сиздер таман акы, маңдай тер менен каражат таап, Кыргызстанда спорт, медицина жана башка социалдык объектилерди курууга жумшап жатасыздар. «Региондорду өнүктүрүү жылы» деген менин Жарлыгымдын максаттарын ишке ашырууга салым кошуп жатасыздыр. Ошондуктан сиздер мага максатташ, тилектеш, өнөктөш болуп калдыӊыздарга кубанычтамын», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Ал мекендештер эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында чет мамлекеттерге негизинен каражат табам деп кеткен болсо, азыр жоон топ бөлүгү илим, билим, маданият тармагында да Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда экенин белгиледи.

»Ошол эле учурда, биздин түпкү максатыбыз — мекендештерибиздин өз өлкөсүндө эмгек кылып, ата-журтунда татыктуу жашап, балдарын тарбиялоо үчүн толук шарт түзүү. Жарандарыбыз биринчи кезекте өз Мекенинде жашап жана эмгектениши үчүн бардык шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын келечектеги артыкчылыктуу багыты», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдары чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарын, айрыкча Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүндө эмгектенген жарандарды колдоо үчүн көп иштер жасалды.

Россияда  эмгектенген мекендештердин катталууга жана патент алууга байланышкан көйгөйлөрү чечилди. Пенсия менен камсыздоо жана мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөө маселелерин чечүү боюнча аракеттер жасалууда. Түркияда иштеген мекендештерди пенсия менен камсыздоо маселеси чечилди. Тиешелүү келишимге кол коюлду. Ал жакында ратификацияланып, күчүнө кирет.

Мекендештерге Кыргызстанга инвестиция алып келүү үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн «Мекен-карт» улуттук демилгесин тезирээк ишке ашыруу зарыл. Бул атайын идентификациялык картага ээ болгон мекендештер үчүн, мурда башка өлкөнүн жарандыгын алганына карабай, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, анын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат.

Мындан тышкары, чет жердеги биздин жарандар Кыргыз миграциялык кызматына каалаган убакта кайрылуу мүмкүндүгүн берүүчү Интернет-Порталды ишке киргизүүнү тездетүү аракеттери көрүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан максаттарга токтолду.

»Региондордун бакубатчылыгы —  өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору.  Аймактардын мындан ары өнүктүрүү иштери кийинки жылдары дагы улантылат. Жарлыктын артыкчылыктуу багыттары — калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу», — деп белгиледи Президент.

Ал өз аймагынын өнүгүүсүнө локомотив болчу жыйырма шаарды — таяныч точкаларын калыптандыруу аркылуу региондордун өнүгүүсүнө түрткү берүү негизги максат экенин айтты. Азыр бул шаарлардын конкреттүү программалары иштелип жатат. 10 шаардын генералдык пландары жасалууда. Дотациялык аймактарда ачылган жаӊы өнөр жай ишканаларына мүлк, киреше салыктарынан жана жер салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Жаӊы түзүлгөн ишканаларды салык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизүү боюнча чечим даярдалып жатат.

Мамлекет ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонд аркылуу жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет.  Бардык региондордун өнүгүүсү  адилеттик менен эске алынат.

»Биздин экологиялык таза айыл чарба азыктарыбызга тышкы рыноктордо суроо-талап күчтүү. Алардын бирин калтырбай кайра иштетүү үчүн жер-жерлерде жаңы ишканаларды куруу иштери башталды. Сиздерди бул иштерге активдүү катышууга чакырам», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мекендештер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эбегейсиз зор мааниси бар ресурс болуп калганын белгиледи.

»Айтканымдын баары теӊ бул багыттагы мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү, мекендештер менен иштөөнү активдештирүүнү талап кылат. Мекендештерибизди колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу керек. Сиздер менен чогуу жасай турган иштерге системалык мүнөз бериш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттерин кайра карап чыгуу зарыл. Өлкөбүздүн  мындан аркы өнүгүү жолун, түпкү максатын эске алып миграциялык процесстерди жөнгө салууну жогорку деӊгээлге көтөрүү абзел», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы чоң ийгиликтерге жеткен, ири инвестициялык долбоорлорго каражат салып, инвестицияларды тартып келсек деген мекендештер бар экенин белгиледи. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кылышууда.

»Мекенчил  замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн, мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзсөк максатка ылайыктуу болот. Бул кеңеш Президентке караштуу кылып түзүлөт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

»Артыӊарда калдайган элиӊер, коргогон мамлекетиӊер, ишенимдүү тылыӊар бар! Биз экономикасы күчтүү, калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды биргелешип курушубуз керек. Ушул максатты көздөгөн форумдун ишине ийгиликтерди каалайм. Жакшы идеялар, алгылыктуу сунуштар жаралат деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости