www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэрлигине шайланган Азиз Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам бузбай иштөөгө аракет кыларын айтты. Ага каршы нааразылыкка чыккан активисттердин аракетин демократиялык коомдогу көрүнүш катары баалады.

"Кызматка киришкен соң командаңызды алмаштырасызбы?" деген суроого ал мындайча жооп берди:

- Бул тууралуу ойлоно элекмин. Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыкмайынча муну талкуулоо туура эмес.

Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди.

Эске сала кетсек, шаар мэрлигине көпчүлүк коалициядан жалгыз талапкер – Азиз Суракматов сунушталган. Башка фракциялар, премьер-министр талапкер жылдыруу боюнча укуктарын пайдаланышкан эмес. Азиз Суракматовдун талапкерлиги жарандык комдун катуу каршылыгын жаратып, аны бизнес топтордун, бир ууч саясий кландардын кызыкчылыгын гана алып барган олигарх талапкер катары бааланууда. Талапкердин калаада ири курулуш бизнеси бар экендиги, масштабдуу 15 кыймылсыз мүлк объектиси, ондогон фирмалары анын бизнес кызыкчылыкты кууган адам экендигин көрсөтүп, калк кызыкчылыгына иштээрине ишеним туудурбай турат.

Шайлоону утурлай Бишкек мэриясынын алдында Азиз Суракматовдун талапкерлигине каршы нааразылык акция өттү. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, бул шайлоо демократиянын принциптерин бузаарын, шаар калкынын кызыкчылыгы чете калганын айтышты. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган байкоочу топ шайлоо киргизилген жок. Бул шайлоо калктын бийликке, президентке болгон ишенимине олуттуу өзгөрүүлөдү алып келээри айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости