www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев төңкөрүшкө даярдануудабы?

Коомдо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төңкөрүш жасоо аракеттери тууралуу сөздөр көбөйүүдө. Интернеттеги булактарда анын кан төгүү жолу менен болсо да бийликти кайра тартып алууга даярданып жатканы айтылат. Алардын бирин өзгөртүүсүз берели.

“Атамбаев дагы бир төңкөрүштү даярдоодо! Атамбаев жана анын жардамчылары Кыргызстанда аз кан төккөн жок. Анын барын Бакиевге төңкөп кутулушту. Өлкөнү өзү башкарып турганда Атамбаев туруктуулук, эч кимди өлтүртпөстүгү тууралуу көп кайталачу. Ооба, буюртма өлтүрүүлөр болгон жок, болгону каршы чыккандын баарын камап же өлкөдөн чыгара кууп чыгышты. Бирок, болоор нерсе эми башталат же башталды десек болот. Мунун баары Атамбаевге Жээнбековдун жана анын командасынын кандай “жаман” экенин көрсөтүү үчүн, аны менен кошо душмандарынын жана өз түшүнүгүндөгү саткындардын эсебин табыш үчүн керек. Ошондуктан, эми табышмактуу өлүмдөрдүн сериясы башталса таң калбагыла. Керек болсо Атамбаевге абдан жакын адамдар өлүп кетиши да мүмкүн. Атамбаевдин тарапташтары Жээнбековго караганда анын өзүнөн көбүрөөк коркушу керек. Атамбаев үчүн өзүнүн максаттарына жетиш үчүн адам курмандыктарына баруу эч нерсеге арзыбаган иш эмеспи. Анын “биз тараптан миң адам өлсө да өз максаттарыбызга жетпей койбойбуз” деп айтканы бар.

Сооронбай Жээнбеков азыр 7-апрель боюнча ишти кайра кароо жөнүндө саясий чечим кабыл алышы керек. 2010-жылдын 7-апрелинде жана июнунда түштүк коогалаңында кан төккөн Атамбаев өлкөдөгү кырдаалды козутуу жана өз кишисин бийликке алып келүү үчүн эч нерседен кайтпайт. Бийликке куралдуу кол салуу болсо азыркы милиция менен СГО эмне кылат? Колуна курал алып “тынч митингге” чыккан адамдарга каршы күч структураларынын эч бир кызматкери ок чыгарбайт! Анткени, 7-апрелде өз милдетин кыйшаюусуз аткаргандарды соттогон көрсөтмөлүү сот процесстери ишенип тапшырылган объекттерди колуна курал кармап коргогон бардык кызматкерлердин демин сууткан. Кеч болсо да аларды толук актоо гана СГО менен күч кызматкерлеринде акыйкаттыкка болгон ишеничин жаратмак. Ошол эле учурда аларга бул жылдар үчүн компенсация төлөп берүү, наамдарын, сыйлыктарын, кызматтарын кайтарып берип, бузулган ден-соолуктарын калыбына келтирүү үчүн мыкты санаторий жана курортторго жөнөтүү керек. Эгер Жээнбеков мындай жол менен кетпесе, анда ал тек өзүнүн гана жакындарына, туугандарына, ага-инилерине, тагыраагы аны коргогон жарандык адамдарга гана үмүт арта алат. Мындай болгондо, бул мыйзамдуу шайланган Президенти бар мамлекет эмес эле, эки үй-бүлө бири-бири менен салгылашкан княздык болуп калат. СГО жана башка күч органдары болсо бул күрөштү четтен гана карап, ким жеңсе ошонусуна кызмат кылууга даяр турушат! Мындай күч кызматтары менен мамлекетти жоготуп алуу да алыс эмес. Тарыхта бүтүндөй бир мамлекеттин кыйрап, ири суу ресурстарына жана пайдалуу кен байлыктарына бай кичинекей мамлекетти өзүнө каратып алууну каалагандардын мисалдары толтура”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости