www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын чынчыл уулдарынын бири Уланбек Эгизбаевдин табышмактуу өлүмүнүн сыры ачылбай келет. Маркумдун буттарындагы тактар боюнча эртең экспертизанын жыйынтыгы чыгат. Бул жөнүндө Каниет Жыргалбеков билдирди.

- Эртең Уландын бутундагы тактар боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгат. Кандай чыгат болду экен. Ошол мени тынчсыздандырып жатат. Досумду таарынтышпаса экен. Так маалымат берет деген ишенич менен күндө Республикалык сот-медициналык экспериза борборун акмаламай- деди ал.

Эске сала кетсек, Ысык- Көлдө каза тапкан журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептери иликтенүүдө. Жакында “Азаттык” радиосу облустук прокуратура иликтөө мөөнөтүн бир айга узартканын, муну экспертизанын корутундулары даяр боло электигине байланыштуу жагдайды толук объективдүү иликтөө үчүн жасалган чара катары түшүндүргөнүн кабарлаган.

Бирок, Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков “Азаттыктын” маалыматтарын жалганга чыгарды. Ал өз баракчасында иш бир айга узарбаганын, экспертиза менен да эч ким сүйлөшпөгөнүн, маалымат такталбай чыгып кеткенин билдирди.

Ал эми “Азаттыктын” маалыматына караганда, тергөө органдары У.Эгизбаевдин киши колдуу болуп өлгөнү боюнча кылмыш ишин ачыша элек. Аларда мындай көрсөтмө жок болгондуктан, учурда адам өлтүрүү боюнча иш козголгон эмес. Анткени, “журналисттин денесинде киши колдуу болуп, күч колдонуунун белгилери жок” экендигин айтышууда. Болгону кырсыктын себептери, пансионатта коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү боюнча гана иликтешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости