www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Темирлан Ормуков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына: "Маркум Элмирбек Иманалиевдин өлүмүнө дарыгерлер себепчи", - деген пикирин жазып чыкты.

"Кайдыгерлик кайда алып барат?" Элдин уулу Элмирбек Иманалиев кайдыгерликтин кесепетинен кайтыш болгону маалым болду. Себеби, Элмирбек оорусу кармаганда атайын ооруканага кайрылганы белгилүү. Бирок, дарыгерлер кабыл албай Фучиктеги ооруканага жөнөтүшкөн. Фучиктеги ооруканада кабыл албай. Жыйынтыгында, кайран жигит көз жумду.

Негизинен кант-диабети менен ооругандарга, оорусу кармаган маалда тез, чукул жардам көрсөтүлсө, көпчүлүк учурда аман калат. Ошондой жардам, Элмирбекке көрсөтүлгөн эмес. Карантин деп шылтоолоп, Элмирбекти врач кабыл албай койгондугу мыйзамсыз. Биз бул врачтарды "карантин маалында иштеп жатышат" деп ашыкча эркелетип, көкөлөтүп жаткан жокпузбу? Карантинге чейин эле “тез жардам” чакырсаң, келбей, келсе да, алып барган ооруканасы кабыл албай, көп түйшүктөрдү жаратышчу. Эми бул карантин маалында милиция менен врачтарга Кудай берди...

Кыскасы, Элмирбек Иманалиевге алгачкы медициналык жардамды маалында көрсөтпөй койгон, атайын оорукана менен Фучиктеги оорукананын дарыгерлери жоопко тартылышы керек. Бул дарыгерлердин кылганы тиги камалып жаткан, сөгүнчөөктөрдүн кылыгынан миң эсе оор... Ошондуктан, халатчан зөөкүрлөр жоопко тартылышы керек! Мындай көрүнүштөрдүн болуп жатканына биздин да кошумчабыз бар. Себеби, көп нерсеге кайдыгербиз! Бири кемчиликтерди сындап айтып чыкса, миңи үндөбөй отурат. Жүзү кошоматтанып, бийликтин камчысын чаап, сын айткан адамды жабалактап, талаганга өтөт. Жыйынтыгында ушундай каргашалуу окуялар болуп кетет...

Ошондуктан урматтуу коомчулук! Бул ишти кайдыгер калтырбай жоопкерсиз дарыгерлерди жоопко тартууну колдойлу! Албетте, айрымдары ар нерсени айтып колдобой коюусу ыктымал. “Кудайдын буйругу”, “арбагын козгобойлу”, -деген сыяктуу кепти айтып, кайра эле кайдыгерликке шарт түзүүлөрү мүмкүн.

Мындай акылмандарга айтаар элем, ошол дарыгерлерди Элмирбектин өчүн алыш үчүн эмес, кунга жыгуу эмес, ушундай кайдыгерликтер кайталанып дагы башка адамдар кыйналбасын деген багытта иш алып баруу зарыл. Азыр жазасын алышса кийин башка дарыгерлерге сабак болуп, мындай капилет өлүмдөр азаят. Ошондуктан, Элмирбектин өлүмүнө себепчи болгон дарыгерлер катуу жазаланышы керек!", - деп  Темирлан Ормуков жазып чыкты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Маркум акын тоо булбулу атыккан айтылуу ырчы, атактуу обончу Муса Баетовдун жанына коюлду. 

Эске сала кетсек, КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев 19-апрелде ооруканага түшүп, 20-апрель күнү каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости