www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда, ИИОнун кызматкерлери түздөн-түз жер-жерлерде, көчөлөрдө, коомдук жайларда жана обсервация пункттарында коронавирус илдетин алдын алууга жана жайылуусуна бөгөт коюуга багытталган эскертүү чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаал жана өчгөчө абал режиминин талаптарын сактоосун көзөмөлдөө милиция кызматкерлерине жүктөлгөн.

Коронавирус илдетинин аныкталгандан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери башка мамлекеттик органдары менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу боюнча зарыл болгон чараларын жүргүзүүдө.

Жер-жерлерде ИИМдин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүндө маалымат-аналитикалык топтору түзүлүп, аймактагы ыкчам кырдаал боюнча маалыматтарды топтоп жана жалпылап талдоо иштери болду.

Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери жергиликтүү ИИБнин кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу багытында комплекстүү чараларды көрүү менен иш алып барууда. Ысык-Көл райондук ИИБи тарабынан алдын алуу иштери, февраль айынын баштап  жүргүзүлө баштаган. 

Райондун аймагында алдын алуу максатында 4 санитардык-карантиндик пост орнотулган, аларда күнү-түнү кезметтешип башка тиешелүү кызматтардын кызматчылары менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. 

Милиция кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу боюнча коомдук укук тартипти камсыздоого жана обсервацияларды кайтарууга тартылды. Бардык посттордо милиция кызматкерлери керектүү болгон жеке коргонуу каражаттары, бет кап, кол кап, атайын көз айнек жана атайын коргонуучу кийимдер менен камсыздалган.

Жергиликтүү тургундарга коронавирус илдетин алдын алуу, зарыл учурда гана көчөлөргө чыгуусу, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкта сактоосу, бет капсыз көчөгө чыкпоосу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардын жардамы менен райондун аймагында 9 кошумча пост орнотулду.

Жергиликтүү тургундарга, анын ичинен өзгөчө жакынкы арада чет мамлекеттен келген жарандарга карантиндик режимдин талаптарын сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, коронавирус илдетин алдын алуу боюнча негизги эрежелерин жарандарга жеткизүүгө атайын үн чыгаруучу каражат аркылуу уюштурулууда. Азыркы учурда, Ысык-Көл районунун аймагында коронавирус илдетин жуктуруп алган жарандар аныкталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости