www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-апрелде так ушул таптарда, ак таңдай акын, кыргыздын чыгаан уулу Элмирбек Иманалиев жерге берилип куран окулуп жатат. Жаткан жериң жайлуу болсун. Маркум акыныбызга арналган акын Сонун Кадырдын ыр саптары.

Кош, дегеним туурабы, туура эмеспи,
Залкар жигит элинен кетти дешти.
Кеткени жок элинин жүрөгүнөн,
Мукам үнү чучуктан сөөккө жетти.

Кыргыз бүгүн айланды Элмирине,
Элмир кетти бир кетсе Теңириңе.
Ар бир кыргыз сен болуп боздоп турат,
Сен жылмайып жолуктуң эмириңе..

Сен ыйласаң биз күлүп жүрүптүрбүз,
Элдир - селдир биле албай, билиптирбиз.
Журт ичинде муңканып, мунарыктап,
Бир үн калды, биз калдык, өттү жылдыз.

Ыйламайын уга албай ырларыңды,
Бизди жетим бир байкуш кылбадыңбы?
Кайдан, качан келет деп сендей жарык,
Караңгыда эстээрбиз турганыңды.

Эске түшөөр дагы көп жоруктарың,
Айтыштарда төккөнүң болуп жалын.
Эске түшөр сөз пири өлгөн жерде,
Элмир айтмак ордуна коюп барын.

деп, шыпшынып турарбыз дагы далай,
Сөз Кудайы колдогон залкарым, ай!
Кош, дебеймин, жашайсын кылым басып,
Аздектеген кыргыздын бир кутундай.

С. Кадырова, акын

Булак: NazarNews.kg

Последние новости