www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда премьер ким болот деп талашка түштү. Азыр өткөөл мезгилге премерди дайындап туруу керек. Мындай пикирин Азиз акын Темирлан Ормуков социалдык тармакка жазды.

"Учурда премьер ким болот деп талашка түштү. Азыр өткөөл мезгилге премерди дайындап туруу керек. Абал стабилдешкен соң парламенттик шайлоону өткөрүп жаңы парламент кайра карап чечсин. Албетте мыйзамда мындай жазылган эмес дегендер чыгат. Бирок ак үйдү талкалап, түрмөдөн жегчтикке айыпталгандарды топтошуп барып чыгарып алса болот деп да мыйзамда жазылган эмес. Кезинде премьерликти түгүл президенттикти өткөөл мезгилдин президенти деп Р. Отунбаеваны шайлабадык беле? Азыркы парламенттин депутаттары премьерликти талашка салып атайын тоскоолдук кылып жатыщат. Анткени жаңы парламенттик шайлоо канча кеч өтсө ошончо бул азыркы депутаттарга пайдалуу. Себеби жаңы парламенттик шайлоого чейин мандаттары сакталып депутат болуп жүрө беришмекчи. Ошондуктан азыр өткөөл мезгилдин премьери кылып С. Жапаровду дайындай турууга болот. Шайлоону кайра өткөрүп жаңы парламент шайланып премьерликке татыктууларын кайра карап чыгуулары толук мүмкүн. 
Эң башкысы азыркы абалдан тынч чыгуу зарыл" - деп жазды азиз акын Темирлан ормуков.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости